Кантип чыдап мени таштап кеттиңиз?

Автор akunova, Январь 24, 2013

Өмүр тилеп, бакыт тилеп сиз мага, Тынч албастан түн уйкудан кечтиңиз. Жетимсиреп калат дебей апаке, Кантип чыдап,  мени таштап кеттиңиз?   Жашык кызым, менсиз кантип жашайт деп, Ойлобостон кантип таштап кеттиңиз? Сиз жок мага аалам күүгүм экенин, Билип туруп кантип (…)

Читать далее »

Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым…

Автор akunova, Январь 22, 2013

Жаңы ачылган жоогазындай алоолоп, Көзгө өтө сүйкүмдүүсүң ай кызым. Мен өзүмдү көрүп турам өзүңдөн, Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым.   Таң аткандай жарык түшүп сен тарап, Тиктеп-тиктеп көркөмүңдөн көз талат. Шилекейин тарталышпай боз балдар, Ширин-ширин шыпшынышат бир карап.   Апкаарышып (…)

Читать далее »

Кыйсыпыр ай, кыйсыпыр

Автор akunova, Январь 16, 2013

Барган жерден чуу чыгып, Батпайсың да кыйсыпыр. Байыртадан келаткан, Башкаларды көралбас, Адатың да, кыйсыпыр.   Кытмыр күлкүң кытмыйып, Ичиң кара кыйсыпыр. Курбу болуп калп эле, Кубуласың калтардай. Жүзүң кара кыйсыпыр.   Жөлөп, таяп калп эле, Тамырларын тааныштын. Табасың да кыйсыпыр. (…)

Читать далее »

Бактылуудан бактылуу элем анда мен

Автор akunova, Январь 10, 2013

 Өтө ысык сүйүп туруп, сүйө албай, Себеби бар сен түшүнүп, түшүнбөс. Карегиңе коно калса капалык, Буткүл дүйнө кеткен сымал чайпалып.   Түгөл өмүр колдон түшүп кеткенсип, Сен көңүлсүз жүрсөң  ооруп жүрөгүм. Кайсыл күнү ачык болсо кабагың, Ошол күндү бакыт сезип (…)

Читать далее »

Кыргызды бала багып…

Автор akunova, Январь 8, 2013

Кылчылдап, кыштын күнү суукка тоңуп, Базарда наристебиз сагыз сатса. Кыргызды аял багып, бала багып, Чайпалып, эркектери оонап жатса.   «Алып кет эжекебай» деген бир сөз, Жүрөгүң талам-талам тилип кетээр. Үшүгөн жаш баланын жалдырашы, Сөөгүңдөн чучугуңа өтүп жетер.   «Өтүгүң майлап (…)

Читать далее »

Айылым

Автор akunova, Январь 3, 2013

Сыдырым жел аймалап нур жүзүмдү, Айылым сен тараптан сагынч сунат. Сүйдүрүп шүүдүрүмгө балтырымды, Жыңайлак баягыдай кыткылыктап, Саамайыма ак бантик байлап алып, Шибериңде чуркагым келип турат.   Чуркагым келип турат кызыл кечте. Жарышып өзүм кырдуу балдар менен. Узатып тептегерек  кызыл күндү, (…)

Читать далее »