Кызганыч(аңгеме)

Автор: akunova, мая 14, 2013

Күн ысык. Бишкектен жаңы гана келген Тынчтык үйгѳ киргиси келбеди. Анын үстүнѳ үйдѳ да эч ким жок экен. Балдары мектептен келе элек кѳрүнѳт. Саат алты болуп калса да негедир жубайы Каныкей  да иштен кайтпаптыр. Сѳрүдѳ эс алып турайынчы деп жамбаштап жатып калды. Кѳзү бир аз илиип кеткен экен. Кобур-кобурдан ойгонуп кетти. Ортону бир гана дубал бѳлүп тургандыктан кошунасынын сѳздѳрү даана угулуп турчу. Анын үстүнѳ  Азаматтын үнү бийик болгондуктанбы, акырын сүйлѳгѳн сѳзү деле угулат.  Кыйшайып жаткан Тынчтыктын кулагына «Кара жанымды чабайын, каралдым, берекем, Каныкейим, менин эркетайым, жароокерим, садагаң болоюн Каныкейим»,-деген сѳздѳр жаңырып угулду. Уккан кулагына ишенбей  дагы тыңшады. «Каныкейим» деген сѳздѳр ѳчѳшкѳнсүп, жаңырып угулат.  Эмне кылаарын билбеген Тынчтык итатайы  тутулуп, ордунан кандай ыргып турганын билбей калды. Каныкей кайда десе Азаматтыкында турбайбы, Азаматтын үйүндѳ баласы, келини, балдары, аялы дайыма болчу эле.

Балким баары бир жакка кетишип, Азамат Каныкейди киргизип алган  турбайбы. Каныкей мени Бишкекте деп ойлоп жатса керек да. Эмне эле  «Сенин келинчегиң мыкты»,-деп калат десе менин  катыныма кѳз артып жүргѳн турбайбы,  бир ойлоп койдум эле, кѳрсѳ мандем бар экен да, сени шашпа, аз-зыр энеңди таанытпасам элеби, азыр шермендеңерди чыгарбасам элеби, экѳѳң тең бул дүйнѳгѳ келгениңерге бушайман болосуңар, аз-з-зыр,-деген Тынчтык эмне кылаарын билбей, колдору тырышып, калчылдап кетти. Дубалдын ары жагында дагы  эле Азаматтын Каныкейге жалынып, жалбарган сѳздѳрү угулуп турду. Каныкей да бир нерсе дейби деп тыңшаса жымжырт.

Жаалданган Тынчтык эшик алдында турган балтаны кѳтѳрүп  алган. Дарбазаны ачса кѳчѳдѳн Садыр аке ѳтүп баратыптыр. Кол берип амандашканы менен ою башка жакта эле. Демейде жайдары Тынчтыктын  бопбоз, ызырынган ѳңүн,  колундагы балтасын кѳрүп, Садыр аке коркуп кетти.

-Сага эмне болду , тынччылыкпы,-деген аксакал кишинин сѳзү да  Тынчтыкты алаксыта алган жок. Тынчтык түз эле Азаматтын дарбазасын түртсѳ, ал жабык экен. Тынчтык  андан бетер жаалданып, дарбазаны муштуму менен койгулап, тепкилеп, «Ач эшигиңди, эн-неңди, мен силердин эмне кылып атканыңарды билем, ач, дейм! Ач,-деп кыйкыра баштады.. Ангыча дарбазанын эшигин ачып,  Тынчтыктын маңдайында Азаматтын жубайы Канышай таң калып  турду. Ал  коңшусунун мындай ачуусу келгенин эч качан кѳргѳн эмес.  Колундагы балтасы да үрѳйдү учурат. Короонун ичинде эл кѳп экен. Небересин кѳтѳрүп Азамат дагы таң калып карап  турат.

 –Тынчтык, досум, сага эмне болду?-деди Азамат. Ошондо деле Азаматтын «Каныкейим» деген жалынычтуу сѳздѳрү кулагынан кетпеди. Эч нерсеге түшүнѳ албаган Тынчтык «Кана Каныкей?»,-деди  Азаматка атырылып, тияк-биякты да карап жүрѳт.

 –Кайсы Каныкей?-деди эч нерсеге түшүнбѳгѳн Азамат. Экѳѳ урушуп кетип, Каныкей бир жакка качып кеткен го,-деп ойлоп койду ѳзүнчѳ.

-Билмексен болбой эле койчу, азыр эле «Берекем, кѳлѳкѳм, эркетайым, Каныкейим» деп жалбарып атпайт белең,-деди ызырынган Тынчтык.

-Аа, ошондой дебейсиңби, ал мен жалынган сенин Каныкейиң эмес, менин Каныкейим, менин неберем, мына! Бай болгур, дагы эмне болуп кетиптир деп коркуп кеткенимчи. Дүйнѳдѳ бир эле сенин  Каныкейиң  бар деп ойлодуң беле! Менин неберемдин аты да Каныкей десе болобу!  Уятынан эмне кылаарын билбей,  кызарган Тынчтык Азаматтан кечирим сурады. Садыр аке кыйлага чейин экѳѳнү тиктеп туруп,  каткырып күлүп жиберди эле, үчѳѳ тең күлүп жатышты. Аларга Канышай да кошулду.

Күйѳѳсүнүн үнүн угуп, иштен келаткан Каныкей Азаматтын ачык турган эшигинен баш бакты эле, боорун тырмап күлүп жаткан  үч эркекти кѳрүп, эмне болгонуна түшүнбѳй, жылмайып, буларга эмне болгон,-деди Канышайга карап. Канышай да сүйлѳй албай, Тынчтыкты кѳрсѳтүп күлѳт.

Кийин Тынчтыктын кызганычын угуп алып Каныкей ѳзү да күлүп жүрдү. Бул окуя бүт кѳчѳгѳ тарап, коңшулардын бардыгы боор тырмап күлүштү.

Один комментарий

Men dagy kuldum.. sonun angeme eken 🙂

Автор: Zhenishbek, дата: Среда мая 15th, 2013 15:52. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.