Жумабеков Сабырбек Артисбекович

Автор: akunova, июля 4, 2014

Сабырбек Жумабеков

Сабырбек Жумабеков

Өмүрү легендага айланган инсан

 Жумабеков Сабырбек Артисбекович- Травматологиялык жана ортопедиялык илимий изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бүткүл дүйнөлүк Интеллектуалдык менчик уюмунун “Алтын медалынын” лауреаты, КМШ мамлекеттер кеңешинин катышуучулары  сыйлаган Эл аралык “Шериктештик жылдыздары” медалынын лауреаты, сапаттуулук тармагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты”, КРнын илим жана техника тармагындагы мамлекеттик  сыйлыктын лауреаты, КРнын эмгек сиңирген дарыгери,  КРнын илимине эмгек сиңирген ишмери, Кытай Элдик Республикасынын “Жибек Жолу” медалынын ээси, Казахстан Республикасынын “Достук” орденинин ээси. Кыргызстандагы травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын президенти, Бүткүл дүйнөлүк ортопеддер  ассоциациясынын президиумунун мүчөсү, КРнын башкы ортопед-травматологу. 425 илимий эмгектердин, 78 ойлоп табуучулук жана рационализаторлук сунуштардын, 4  монографиянын автору.6 илимдин докторун, 32 илимдин кандидатын даярдаган. Көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Сатыкей айылында туулган. Кыргыз  мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун  Украинада Крым медициналык институтунун Травматологиялык жана ортопедиялык кафедрасында ординатурадан баштаган.

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри болуп эмгектенген.

Үй бүлөлүү, төрт баланы тарбиялап өстүрүүдө

Быйыл 2014-жылы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Бул борбор белгилүү ортопед, академик Сабырбек Жумабековдун демилгеси менен мындан 10 жыл мурда ачылып, ошол күндөн бери күндөн күнгө өсүп, улам жаңы биийиктиктерди багынтып келүүдө.

Чынгыз Айтматов менен

Чынгыз Айтматов менен

Профессор Ватсон. Америка

Профессор Ватсон. Америка

Шейх араб Мухамад Абдраб

Шейх араб Мухамад Абдраб

Жубайы Роза менен

Жубайы Роза менен

Атасы, апасы неберелери менен

Атасы, апасы неберелери менен

Операция учурунда

Операция учурунда

-Сабырбек Артисбекович, быйыл сиз үчүн өзгөчө кубанычтуу жыл болду. Сиздин демилгеңиз менен түзүлгөн борбордун иш баштаганына 10 жыл болсо, сиз өзүнүз эр ортону 50гө чыгып, эки мааракени бир белгилегени турасыздар. Ушул   бүгүн артка кылчайып, өткөн өмүрүңүз жөнүндө эмне дей аласыз?

-Мен өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептейм. Себеби дегенде ушул дүйнөгө ата-энем мени жарык дүйнөгө алып келип, окутуп, тарбия берип, анан өмүр жолумда, тагдырымда жалаң гана жакшы адамдарга жолугуп, жакшы адамдар менин жанымда жүрүп, колдоп, ушундай даражага алып келишти. Бул мени мектепте, институтта окуткан, мага билим, таалим-тарбия берген агай, эжейлерим, өзүмдүн жеке илимий жетекчим, Крым медициналык университетинин профессору Александр Иванович Блискунов деп эсептейм. Мен ошол жерде окуп, билим алып, илимий даражага жетип, мына 20 жылдан бери Кыргызстанда кызмат кылып келатам. Алдыма койгон көп максаттарым ишке ашты, мен ошондуктан өзүмдү чексиз бактылуу адаммын деп эсептейм.

– Сизди Кыргызстанда гана эмес, көп чет мамлекеттерде да мыкты  ортопед дешет. Бул ийгиликке өзүңүз кандай баа бересиз?

-Мен өзүмө –өзүм баа бергенден алысмын. Менин ишиме менден дарыланып кеткендер, коомчулук баа берсин. Туура, көп чет мамлекеттерде таанышат, көп ортопеддер чакырышат. Көп чет өлкөлүк кесиптештерибиз бизге жогору баа беришет, биргелешип операцияларды  жасайбыз, тажрыйба алмашабыз. Алар өздөрүнүн иштерин биз менен бөлүшүшөт. Эң негизгиси биз менен эсептешишет. Кайсыл жерде кандай чоң конгресстер, илимий чоң жыйындар өтсө мени чакырышат. Дүйнөлүк чоң  масштабда болобу, мамлекеттин өзүндө болобу, эмгегибизди талкууга коюп, тажрыйбабызды бөлүшөбүз. Мисалы  мен жакында эле Россияга барып, Саратов шаарында өткөн Россиянын омуртка хирургдарынын экинчи сьездине катышып келдим. Мени алар башкаруу кеңешине  мүчө кылып киргизишти. Россияда азыр 300дөн ашык омуртка хирургдары бар, ошонун 10у башкаруу кеңешине мүчө болот экен. Муну мен мага гана эмес, жалпы кыргыз ортопедиясына берилген баа деп эсептейм.

Мындан сырткары Швейцарияда, Женевада жайгашкан ЕФОРТ(Европалык ортопеддердин конференциясына) мүчө кылып киргизишкен. 4-6-июнда Лондондо ЕФОРТтун  конгрессине катышып келдим. Бүткүл дүйнөлүк ортопеддердин  илимий коомуна 1999-жылдан бери мүчөмүн.  Булардын конгрессине да жыл сайын катышып турам. Былтыркы жылы Индияда болду, быйыл ноябрда Бразилияда Сан  Паулада болот. Ал жерге дагы чакыруу кагазын алдык. Кытай мамлекетинин конгресси бар. Американын академиясы, Түркиянын ортопедиялык ассоциациясы жана башкалар бар. Жылда  өткөрүлүүчү конгресстерине барып катышып турабыз. Бул деген биздин илимий катнаштарыбыз, илимий мамилелерибиздин дэңгээли бирдей экенин, же болбосо бирибизди бирибиз сыйлай тургандыгыбызды, бири –бирибизге ишеним арта тургандыгыбызды билдирет.  Биздин көп мамлекеттер менен келишимдерибиз бар. Мисалы Россиянын 7 илимий институту менен, Украинанын 2 институту, Беларуссиянын, Казахстандын, Өзбекстандын, Европа өлкөлөрүнүн, Түркия, Кытай мамлекеттеринин көп мекемелери менен. Биз алар менен илимий жактан карым-катнашта, бири-бирибизге алыш-бериш болуп, бири-бирибиз менен бөлүшүп, бири-бирибизге ойлоп тапкан нерсебизди көрсөтүп, ушундай биримдикте иштеп атабыз.

-Быйылкы борбордун 10 жылдыгын кандай белгилегени турасыздар?

– Көзүбүздү ачып-жумганча эле минтип быйыл травматология -ортопедия илим изилдөө  борборунун  түзүлгөнүнө 10 жыл болду. 10 жылдыкка арналган салтанат август айынын 27синде Бишкекте  филармонияда өтөт. Анан 28-августтан баштап Ысык-Көлдө IY Евразиялык конгрессти өткөрүп атабыз. Бул конгресске 30дан ашык мамлекеттен делегаттар келишет. 300дөн ашык чет өлкөлүк гана делегаттар келишет. Алар ошол бизге  кызыккан үчүн, бизди сыйлаган үчүн, биз менен иштешели деп келип атышат. Бул да болсо биздин ортопедиянын бүгүнкү дүйнөдөгү деңгээлин көрсөтүүдө.

-Омуртка хирургиясын дарылоо кайсы мамлекетте өзгөчөөнүккөн?

– Омуртка  хирургиясы өтө татаал тармак болгонуна карабастан бул тармак өтө кылдат иликтелип, улам жаңы ачылыштар жасалууда. Моюнга алыш керек, ортопедия азыркы мезгилде Америкада күчтүүөнүгүүдө.  Жаңы ачылыштардын 80 пайызы Америкадан чыгат. Анан бүткүл дүйнөгө таралат. Калганы Европа, башка өлкөлөрдөн келет. Ошонун ичинде  Кыргызстан дагы барбыз. Дүйнөлүк ортопедияга салым кошкондордун бири болуп эсептелебиз. 10 жылда биздин мекемебизде 80ден ашык илимий жаңы  ачылыштар ачылып, дүйнөлүк ортопедияга салымыбызды коштук десем жаңылышпайм. Ушу жылдардын ичинде биз ойлоп табуучу катары 80ден ашык  патент алдык. Бул деген дүйнөлүк ортопедияга бараандуу салым коштук дегенди билдирет.

-Медицинанын эң татаал тармагын тандап алышыңызга эмне себеп болду?

-Медицина өзү татаал, жоопкерчиликтүү кесип болуп эсептелет. Эми мен бул кесипти кичинекей, бала кезимде тандагам. Атам мен 10  жашымда буту ооруп, 3 жыл катары менен Фрунзеге келип дарыланып жүрдү. Абдан кыйналды. Айыкпаган соң айылда Анарбек Иманалиев деген согушка катышкан аксакал хирург бар эле. Ошол жөнөкөй эле айылдык хирург дарылап, сөөктү чукуп, ичинен көп ириң чыгарып, атамдын буту бир айдын ичинде айыгып кетти. Ошондо мен математик болом деген 10 жаштагы бала “сөөктүн дарыгери болом” деген чечимди кабыл алдым. Бул мага оңой болгон жок. Математика менин сүйгөн сабагым болчу. Себеби атамдын улуу агасы математикадан сабак берчү, Алтынчы курсту мектептин директору эле. Мен ошол кишидей математик болом дечү элем. Анан сөөк врач болом деп калдым. Ортопед-травматолог дегенди билбейбиз да. Ошентип сөөккө кызыга баштадым. Сөөк көрсөм эле баса калып, ичинин баарын карап, анатомияларды окучумун. Чөптүн арасынан бака кармап алып, чалгы менен ичин тилип, текшерип чыкчумун. Ботаниканы, зоология, киши деген   сабактарга абдан кызыкчумун. Ошентип медицина институтуна өз каалоом менен, жүрөгүм менен фанат болуп, медицинаны сүйүп калып келгем. Чындыгын айтыш керек, ошол учурда Турсунбек деген атамдын  бир тууган жээни медициналык  институтта мугалим эле. Ошол кишинин жардамы менен медициналык институтка өтүп кеттим. Ал кезде колдоо керек эле, бирок мектепти жалаң 5ке окугам. Окууну бүткөнчө 4 мектепте окудум, төртөөндө тең жалаң 5ке окудум. Анан институтту ийгиликтүү аяктап, Украинага кетип, ал жерде 8 жыл иштеп,  8 жылда жөнөкөй врачтыктан тартып иштеп, анан докторлук ишимди жазып, Москвада академиядан жактап, 30 жашымда 1995-жылы Кыргызстанга келгем. Ошондон бери иштеп келатам.

-А Украинага кандайча барып калдыңыз?

-Ал кезде союздун учуру.  Алтынчы курсту аяктап жатканда  Литературный газетадан Блискунов жөнүндө макала окуп калып, ал кишиге кат жазып, орун бөлдүрүп алып, Украинага жөнөтүлгөм.  2 жылдык ординатурадан кийин ал жерде мугалим,  врач болуп иштеп калдым.

-Сиздей белгилүү адамдын жеке турмушу окурмандарга кызык эмеспи. Үй бүлөңүз, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз, балдарыңыз, жубайыңыз жөнүндө айтып берсеңиз болобу?

-Атам бир айылды башкарып, бир айылга жардам берип, ошол айылдын инфраструктурасынын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп келген кадыр-барктуу инсан болгон. Айылга таза суунун киришине, жолдордун оңдолушуна, арык чаап, тазалап, сугат суусун алып келген, 70 жыл Кыргызстандын теле берүүсүн  көрбөгөн айылга теле мунарасын орнотуп, имаратын ашар жолу менен куруп,  уюлдук телефонду Талас шаарынан кийин биздин айылдаштардын колдонушуна менин атам көмөкчү  болгон. Айылга ФАП, мектеп, мечит салдырып, 20-30 жыл ичинде айылдын инфраструктурасын оңдоп, 2003-жылы “Эң мыкты айыл башчысы” наамына татыктуу болуп, Акаевдин колунан ”Даңк” медалын алган.

-Айлыңыз кандай аталат?

-Айылым Талас облусундагы Сатыкей айылы. Сатыкей деген баатырдын атынан коюлган. Атам 2007-жылы оорудан кайтыш болуп кетти. Апам 11 баланы төрөп, тарбиялап өстүрдү. Эң улуусу мен. Атам экөө баарыбызды окутуп, жогорку билимге ээ кылышты. Кудайга шүгүр, балдарынын бардыгы жакшы билим алып, элибизге кызмат кылышууда. Апам орто медициналык окуу жайын бүткөн, бирок иштеген эмес.Апам Гүлайда акыл-эси тунук, өтө таза адам. Ар бир адам өз апасын мактайт деңизчи, бирок биз апабызга абдан ыраазыбыз. 11ибизди төрөп, бир да жолу ичибизди өткөрбөй, суук тийгизбей, сарык жугузбай  бир да жолу ооруканага жаткызбай чоңойтту. Ошон үчүн мен апама абдан баа берем. Кудай буюрса апам 70ке  чыгып атат. Азыр айылда, кичүү инимдин колунда. Шаарга апкелип турабыз. Айылга көнгөн да, шаарда бир аз туруп эле айылына кетип калат.

-Жубайыңыз, балдарыңыз…

-Жубайымдын аты Роза. Билими боюнча экономист. 2 уул, эки кызыбыз бар. Улуу кызым менен   уулум окуу жайды бүтүп, өз кесиптеринде иштеп атышат.

-Кандай кесипте?

-Уулум ФСБнын Академиясын бүттү. Азыр улуттук коопсуздук комитетинде  иштеп жүрөт. Кызым тышкы иштер министрлигинде Аташе. Калган эки балабыз Марсель менен Жамийла мектептин окуучулары. Бири 15, бири 10 жашта.

-Келинчегиңиз менен качан, кайда таанышкансыз?

-Роза менен мен 2-курсту бүтүп, курулуш отрядында Россиянын Гагарин деген шаарында иштеп  келсем жаңы эле 1-курска өткөн улуттук университеттин студенттери  биздин айылга тамекиге иштегени келишиптир. Атам анда тамекиде звеновой. Мен атама жардам берип жүрөм. Атам тамекини да өзү ташычу, шоопур болуп. Мен барганда мен шоопур болчумун. Тамекичилерди эртең менен алпарам, кечинде алып келем. Анан тамекилерди таразага тартам. Ошентип  жүрүп  Роза менен таанышкам. Азыр “Розаны тамекинин арасынан таап алгам” деп тамашалап калам.

-Жубайыңыз дагы Таластанбы?

-Жок, жарымы Кемин, жарымы Ат-Башы. Анан бир жылдай сүйлөшүп, үчүнчү курсту бүткөндө 20 жашымда үйлөнгөм. Кээ бирөөлөр “Эмнеге эрте үйлөндүң эле?” деп сурап калышат. “Мага баарын эрте бүтүргөн жагат, эрте  үйлөнгөм, докторлукту да эрте 30 жашымда жактагам” деп калам тамашага салып..

-Балдарыңыз сиздин кесибиңизге кызыгабы?

-Эми улуу кыз, уулумду медик болгула деп айтып көрдүм, бирок алардын эркине койдум. Алар медик болбойбуз дешти. Кесиптерин өздөрү тандап алышты. Менин аларды мажбурлабаганымдын себеби мен билген көп профессор агайларыбыз уул-кыздарын керек болсо илимдин доктору кылышты, а бирок алардын көбү ошол кесипте иштешпей  коюшту. Мен ошолорду кайталабайын дедим. Кичине уулум Марсель 7 жашынан бери мен атамдай ортопед болом деп сүйүндүрүп жүрөт. Кызыгуусу бар, азыр 15 жашта. Мен анын медик болушун каалайм.

-Биринчи операцияңыз эсиңизде барбы?

-Биринчи операциямды мен 4-курста, окуп жүргөндө жасагам. Ошол убакта Рафибеков Жахангир доцент агайым декандын орун басары  болчу, ошол агайыбыз “Ким биринчи операцияга кирет” десе мен кол көтөрүп жибериптирмин. “Бас” деп, мени операцияга киргизип кеткен. Зобго операция жасап жатабыз. Зоб деген өтө татаал операциялардын бири. Абдан көп канайт. Анан баягы жерде пинцет менен марлини кармап туруп канды сордуруп, пинцетти силкип, баягы марлини ыргытыш керек экен. Марлини ыргытайын десем пинцетим кошо ыргып кетет. Ошентип  эки пинцетти катары менен ыргытып алдым. Анан сестра кыйкыра баштады. Агай: толкунданба, эч нерсе эмес, акырындап көнөсүң, кыйналба, шашпа деп  мени тынчтандырып турду. Үчүнчүсүндө гана пинцетти бекем кармап,  анан марлини ыргыттым. Ошол күн ушул күнгө чейин эсимден чыкпайт. Кийин агайым экөөбүз арабыздан бир жыл аралыкта илимдин доктору болуп, профессор болдук. Чогуу иштешип, кесиптеш да болуп, агайым ушул мекемеде хирургия кафедрасын башкарды, мен болсо травматология-ортопедия кафедрасын башкарып иштешип калдык.

-Сиздин дарыгерлик кесипте эмгектенгенден берки эң кыйын  күнүңүз?

-Эми албетте, кыйын күндөр көп болот. Себеби дегенде оор операциялардын баары эле кыйын. Мен жасаган операциялардын баары татаал. Мисалы бүгүн мен үч омуртканы, эки жамбаш менен кашка жиликтин башын, бир тизени алмаштырдым. Андан тышкары дагы жаш балдарга 3 операция жасадым. Бардыгы болуп бир күндө 8 операция жасадым. Азыр кабылдамада 30дан ашык бейтаптар тизме менен жазылып, күтүп отурушат. Булардын баарын көрүшүм керек.  Менин иш күнүм күндө ушундай. Жеңил операциям жок. Бардыгы адамдын  өмүрү менен байланыштуу. Ошон үчүн мен ар бир операцияга оордой мамиле кылам. “Бул оңой эле, тез эле жасап коем, чипуха” деген сөздү мен эч качан айтпайм. Оюмда да жок.

“Кудай берген убакытта, кудайдын берген деми менен, күнү менен жасайм” дейм.  Биринчи баштаганда эле “Кудай өзүң колдой көр, бысмылда”,-деп туруп, анан операцияны баштайбыз.

-Кудайга ишенесизби?

-Эми 5 маал намаз окубайм, мечитке деле барбайм. Ажыга да барган эмесмин. Бирок үстүбүздө кудай турат деп ойлойм. Бул менин ишенимим.

 Кубанычтуу күндөрүңүз да көп болот чыгаар?

-Кубанычтуу күндөр көп да  эми. Жүрөгүңө жаккан, көңүлүңө жаккан ирмемдердин  баары кубанычтуу. Үй бүлөдөгү кубанычтуу окуялар, ишиңдеги  кубанычтуу күндөр. Операциядан жакшы чыгып, оорулууң жакшы болуп, сакайып, бутуна туруп басып, рахмат айтып кетип атса, бул күн дагы кубанычтуу. Бул дагы өзүнчө чоң береке. Бул адамдын демине дем, күчүнө күч кошот. Дагы жакшы иштегенге дем берет. Анан жумушуңдагы ийгиликтер да кубаныч тартуулайт. Окуучуларыңдын илимий жетишкендиктери дагы кубаныч. Ийгиликтериңди баалап, мамлекет тарабынан, же дүйнөлүк масштабда, мисалы мен КМШ  мамлекеттеринен, Кытай мамлекетинен сыйлык алдым, Казахстандан орден алдым. Бул дагы мен үчүн чоң кубаныч. Үй бүлөңдө балалуу болгон күнүң, бир туугандарыңдын ийгилиги, ата-энеңдин ийгилиги дагы чоң кубаныч.

-Сиз баалаган устатыңыз ким?

-Мен баалаган устаттарым көп. Албетте, мектепте окуткан агайларым, эжейлерим, биринчи мугалимим – Стамбеков Рысбек агай, быйыл 90го чыкты, согуштун катышуучусу, ардагери. Биздин үйдөн эле үч муунду окутту. Менин атамды, мени, менин уулумду биринчи класстан үчүнчү класска чейин  окутту. Математикага мени кызыктырган атамдын улуу агасы, Рахимбек чоң атам, анан менин класс жетекчим  Өлбөсхан эжем. Ошол эжекем дагы менин медик болушума таасирин тийгизген. Анан институттагы агайларым, ушул кесипке таасир тийгизген кыргыздын биринчи улуттук профессору, илимдин доктору,  травматолог- ортопед  Кожакматов Сатынды  агайым  болду.  Анан албетте, Крымдагы менин бирден-бир илимий жетекчим, профессор, Советтер Союзунун эмгек сиңирген  ойлоп тапкычы деген наам алган, ООНдун сыйлыгына татыктуу болгон, профессор агайым Блискунов Александр Иванович, мына ушулар менин устаттарым.

Өсүп келаткан таланттуу шакирттериңиз көппү?

-Шакирттерим кудайга шүгүр. Мен муну менен сыймыктанам. Мына мен азыр 50гө чыгып атсам дагы илимдин 6 докторун, 32ден ашык илимдин кандидаттарын чыгардым. Докторлукту алар Рос сиядан жакташты.Илимдин дагы 6 доктору даярдалып чыгарылууда. 30тан ашыгы дагы  илимдин үстүндө иштешүүдө. Кудай буюрса, аман болсок, булардын бардыгы илимдин кандидаттары, докторлору болуп чыгышат.

-Алардын ичинен өзгөчөлөнгөндөрү, таланттуулары  барбы?

-Мен айтып кетишим керек, өзгөчөлөнгөндөрү бар. Булар  профессорлор Жаныш Сулайманов, Медет Абакиров, илимдин кандидаттары Советбек Казаков,  Асан Усенов,  Бектур Анаркулов, Убайдулла Насыров, Марат Сабыралиев, Алмазбек Кубатбеков, Бакыт Исаков  жана башкалар.

-Кайсыл операцияңыз менен сыймыктанасыз?

-Сыймыктана турган операцияларым көп. Буту тескери караган Теңизбек Тогуз-Тородон келди эле, бутун оң каратып, бастырып койдук. Америкада чоң жыйында бир белгилүү профессор айтты, сен бул баланы 20 жыл бою катары менен ар бир конгрессте көрсөтсөң болот. Ар бир  көрсөткөнүң жаңы жаңылык  болот. Ошондуктан сен уялбай эле ар бир жерге барганда бул баланы көрсөтүшүң керек”,деди.

-Теңизбек басып жүрөбү?

-Басмак тургай чуркап, иш кылып жүрөт. Базарда иштеп, таксист болуп үй бүлөсүн, ата-энесин багып жүрөт. Мен бул операция менен өтө сыймыктанам. Мындай татаал операциялар менде көп болду. Мисалы бир адамга 4 муунду алмаштырган операция болду. Эки  эжени, бир жигитти. Азыр алар басып, рахмат айтып жүрүшөт. Жанагы эки жамбашын, эки тизесин алмаштырган жигит 21 жыл баскан эмес. Аялы таштап кеткен. Баласы 18ге чыгып калыптыр. Анан 21 жылдан кийин басып, азыр Ош-Алай  жолунда таксист экен. Үйлөнүптүр. Келген, кеткенден салам, дуба айтып турат. Ушундай ооруларым көп.  Ар кандай тагдырлар да көп.  Операция болуп үйлөнө албай жүргөндөр үйлөнүп, турмушка чыга албай жүргөндөр турмушка чыккан учурлар бар. Булардын бардыгы менин кубанчым да. Мен буларды айтып кубанам. Бир апа эки тизеси бүктөлүп баспай калган экен, мен бастырып, 75 жылдык тоюна чакырып, тоюнда экөөбүз бийледик. Мен буларды көрүп сыймыктанам. Анан мен бул күнгө чейин өзүм 15 миңден ашык адамга операция жасаптырмын, 10 жыл ичинде биздин  илимий борбордо  130 миң адамды дарылаптырбыз. Анын ичинде  115 миң адамга операция жасаптырбыз. 120 миң адамга амбулатордук жардам бериптирбиз.

-Чет мамлекеттерге көп чыгасыз, тажрыйбаңызды бөлүшөсүз. Операцияларды жасайсыз. Ортопедия боюнча кайсыл мамлекеттин дарыгерлери күчтүү?

-Эми чет мамлекеттердин врачтары менен тажрыйба алмашып  туруу абдан жакшы. Мен көп нерселерди чет мамлекеттерден   үйрөнөм. Ачык эле айтыш керек,  Америкадан, Европадан. Мисалы мен 90-жылдары  Германияга барып жүрдүм. Акыркы 10 жылда Америкага каттап калдым. Көрсө көп нерсе Америкадан  чыгат экен. Анан алардан Германия алат, башка мамлекеттер алат, ошентип дүйнө жүзүнө тарайт. Анан албетте, өзүң жасап аткан нерсени аларга көрсөтсөң болот. Алар көрүп туурасын туура дейт, туура эмесине жардам берет. Алар  менен операцияларды чогуу жасаган  учурларыбыз болот.Мындан тышкары  чет мамлекеттерге конгресстерге, симпозиударга, сьезддерге көп барабыз. Себеби ошол  дүйнөлүк ортопедиядан калып калбайлы деп, алардын  алдында жүрбөсөк да катарында жүрөлү деп, ошолордун алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүп, бул жакка алып келели деген план менен.

Анан албетте, ортопедиялык протездерди, жасалма омурткаларды, тетиктерди чыгарган чоң компаниялар бар. Ошолор менен дагы байланыштабыз. Алар бизди көрсөтмө операцияларга чакырышат. Мисалы Германияда, Италияда, Түркиядагы клиникалар менен иштешип, жаңы ыкмаларды көрсөтмө операцияларды, мастер класстарды көрсөткөнгө катышабыз.

-Кайсы мамлекеттин  дарыгерлери алдыда деп ойлойсуз?

-Мыкты дарыгерлер бардык мамлекеттерде көп. Кыргыздын мыкты, жаш ортопеддери өсүп келатканын сыймыктанып айтышыбыз керек. Моюнга ала турган бир жагдай, ал жакта технология мыкты өнүгүүдө. Бизде мыкты дарыгерлер абдан көп, бирок техника жетишпейт. Эгерде бизге техника, технология жагынан жардам болсо бизде  ортопедияда, кардиологияда, хирургияда, медицинанын бардык тармактарында  күчтүү адистер бар. Кыргыздан Мана, Чыңгыз чыгып атса, эмне үчүн мыкты дарыгер чыкпаш керек?

-Сизге келген сыркоолор дайыма кыйналып, өз өмүрлөрүн сизге ишенип, үмүт менен келишет эмеспи. Жардам бералбай калган учурларыңыз болобу? Мындай учурда өзүңүздү кандай сезесиз?

-Албетте, андай учурлар көп болот. Себеп дегенде жанагындай адамдар кырсыкка учурап, өзгөчө авто унаалар кагышып, же жол кырсыгына учураганда өтө татаал абалда келгендер болот. Комага түшүп калган учурлар болот. Мээлери жанчылып, ички органдары айрылып, жарылып кеткен учурлар болот. Анан биз жардам бералбай, колубуздан келбей калып, майып болуп кеткендер бар. Мүрт кеткендер да  болот. Жапжаш кыздар, оозунан эне сүтү кете элек балдар өтүп кеткенде жүрөгүбүз эзилип, көзүбүзгө жаш толуп, ыйлаган учурлар болот. Андай учурду сөз менен айтыш кыйын. Үмүт үзүлгөн учурларда жүзүн тиктей албай калам. Анан канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калабыз. Бизде жылына 13 миңден ашык адам дарыланып кетет. 10 жылдын ичинде 130 миң  адамга биз жардам бериптирбиз. Бирок ошол эле убакта  сактай албай,  канчалык аракет кылсак да арачы болалбай калган учурлар болду.

-Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

-Менде бош убакыт деген болбойт. Иштен чарчап барам, кээде достор менен бир аз бильярд  ойнойм. Анан жумасына 2-3 жолу 7-10 км. чуркайм. Чуркаганда чарчаганым кетип, эс алып калам.  Чуркагандан энергия алам. Бая айтпадымбы, күнүнө 7-8 операция жасаган учурларым болот. Анан иштен кийин барып, жөн эле жатып алсам шалдырап, эртеси кыйналып калам. Ошондуктан кыймыл аракет, чуркоо менин хоббим болуп калды. Анан дем алыш күндөрү чет мамлекеттерге барып, операция жасап, операцияларга катышып келем. А эгер бул жерде болуп калсам, албетте үй бүлөм, балдарым менен өткөргөнгө аракет кылам. Бош убактым боло калса сууда сүзүүнү, тоого чыгууну жактырам.

-Эмгек өргүүңүздө эс аласызбы?

-Жок, эмгек эргүүмө чыксам дагы жумуштан кетпейм. Себеби баары бир издеп таап алышат. Бизге бир күндө 50 адам түшсө, анын 10-15и сөзсүз мага чалышат. Абдан оор сыркоолор түшөт. Анан кантип эс алып жата аласың?

Досторуңуз көппү?

-Аябай көп.

-Чыныгы досторуңузчу?

-Досторумдун бардыгын чыныгы досторум деп эсептейм. Баарына ишенем.Эми мен саясатчы эмесмин да, баарына ишеним менен мамиле кылам.

-Кандай максаттарыңыз бар?

-Кыргызстандын медицинасынын оңолгон күнүн көргүм келет. Биздин медицинабызды каржылоо Европа өлкөлөрүнүн,  Россиянын, Казахстандын дэңгээлине жетсе экен дейм. Жаңы ооруканалар  курулса, ошол ооруканалар заманбап технологиялар менен жабдылса, ошол жерде биздин атуулдар дарыланса, алардагыдай бекер дары-дармектер болсо, анан биздин медиктер эмгегине татыктуу эмгек акыларды алса деген эңсөөлөрүм бар. Азыр биз кантип иштеп атабыз? Биз союздан калган эски имараттарда, колубуздан келген нерселерди жасап, эптеп, болбогон дары-дармек менен, бечара ооруларыбызды айыктырып атабыз. Мисалы азыр бир ооруга бир күнгө дарыга 56 сом берет. Бул эмнеге жетет? Тамакка 49 сом берет, ал эмнеге жетет? Эптеп дарылап атабыз.

Себеби экономикабыз өнүкпөй жатат. 10 жыл башта кандай болсок, ошол эле бойдонбуз. Экономика өнүкмөйүнчө медицина өспөйт. Ишканалар иштеш керек, жер байлыктары иштетилиш керек. Азыр Кыргызстанда 360  алтын кен байлыктарыбыз бар экен. Ошолорду иштетпейлиби! Инвесторлорду тартпайлыбы! Бирок Кумтөрдөй эмес, алданбай иштетиш керек. Ошондо анан экономикабыз көтөрүлөт. Россия менен Казахстан кен байлыгы менен байып атышпайбы! Алар кен байлыктарын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланышууда. Экономика көтөрүлсө анан медицина көтөрүлөт. Элдин турмушу да оңолот деп ойлойм. Ошол күндү көрүү бизге насип этсе экен деп тилейм.

комментария 2

Акмак эшек адам бул Сабырбек джумабеков!!! Педофил маньяк , жаш кызды зоордуктап боюнан бутуруп туруп баласы менен таштап салды кочого… Ылайым балдарындын жакшы кундорун корбой кал, балдарын балалуу болбой калышсын, балдарындын баарын жутуп каарылыкта жалгыз темселеп кочодо калгынын. Озундун кызынды ушинтип таалага таштап кетишсин… Ит акмак, ылайым балдарынан топурак буйрубасын… Эки дуйнонун тозогун кор. Далай жаш кыздарды чыркыратып талаага таштап, далай бей куноосуз ымыркайларды бойунан тушуртуп олтургон, ошолордун убалы уктатпасын. Ылайым уйбулоондо карангы тун басып, жамандык башынардан чыкпасын… ООМИЙИН

Автор: Назира, дата: Среда ноября 18th, 2015 18:53. Ответить #

Убийца он, ВОР с большой буквой он все это заработал не честно заставляет своих сотрудников пробовать дорогие протезы бедным людям, так он помогает своему народу? Он не думает о людях которые потеряли надежду на жизнь, думает только как бы ограбить продать свои протезы, каким путём эти люди находят деньги он даже не подумает . Бедные идут оформляют кредиты и платят мучаюсь многие годы. Чтоб спасти себе жизнь , убивают себя нервно влезают в долги . Кудай бар. Ты ответишь за сына которого бросил на улице. За девочку которую износиловал , пусть Аллах так же обернёт судьбы твоих детей которые хвалят своего не человечного отца, ты враг народа. Твоё место в колонии строгого режима . Чтоб тебя самого там в жопу ебали весь мужской пол. Оооооомин!!!

Автор: Назира, дата: Суббота апреля 16th, 2016 03:51. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.