«Улуу адамдын ролу мага тийгенине сыймыктанам..»

Автор: akunova, сентября 13, 2014

5 press11_2

Фильмде Алымбек Датканын ролун ойногон Азиз Мурадиллаев

-Азиз, ошончо кишиден Алымбек датканын ролу сага тийгенине сенин пикириң кандай?

-Кастинг болду, кѳп актерлор Алымбек Датканын ролуна сүрѳткѳ түшүп, видео сынактан ѳтүп жүрүшкѳн. Эң акыркылардан болуп кирдим. Мага Кокон хандыгындагы эшик-ачып-жапкан бирѳѳнүн эле ролу тийсе  керек деп ойлогом. Тартылдым, эртеси кѳркѳм кеңеш  талкуулап, мага токтолушуптур. Куттукташты. Ошентип тартылып калдым.

  -Ѳзүндүн кесибиң кайсы?

-Ѳзүм кыргыз драмалык театрынын актерумун. 2001-жылдан бери иштеп келатам. Бирок театрга аралашканыма кѳп жылдар болуп калды.

-Билимиң кандай?

-Бишкектен театралдык окуу жайын бүтүрдүм. Анан М оскваадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайын бүтүргѳм. Менин ата-энем экѳѳ тең артисттер. Атам Үсѳн Мирадиллаев кайтыш болуп калды. Апам Анара Сыдыгалиева  КРнын Эмгек сиңирген артисткасы. Азыркы күнгѳ чейин ошол кыргыз драмалык театрында эмгектенет.

-Балдарың чоңоюп калыштыбы?

-Эки уулум бар. Улуусу 17ге, кичүүсү 7 жашка чыкты.

-Мурда киного тартылгансыңбы?

-Буга чейин 20га жакын киного тартылгам.

-Белгилүүлѳрүнѳн айтып берсең?

-«Сүйүү сынагы», «Президент жана бомж», «Кара кыз»  жана башка, кѳп.

-Сен тартылган кинолорду  кѳргѳндѳ ѳзүңдү кандай сезесиң?

-Ѳзүм тартылган кинону кѳргѳндѳ сүрдѳйм. Бир жагы кызыктуу болсо, экинчи жагынан кемчиликтеримди кѳрсѳм ѳкүнүп каламбы деп, бир нерсе жетпей калгансып турам. Себеби фильм тартылган соң бүттү, катаң болсо оңдой албайсың. Андыктан мен азыр кыйратып салдым деп да, кемчилигим жок деп да, бар деп да айта албайсың. Азыр эми кино кандай болгонун эл таразалайт. Бирок мен ошондой улуу адамдын образын жаратканыыма албетте, сыймыктанам.

IMG_131352581910514-2

 IMG-20140903-WA0001

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.