«Ѳзүмѳ-ѳзүм ишендим»

Автор: akunova, сентября 13, 2014

Курманжан Датка  качканда_2

Атагы алыска кеткен Курманжан Датканын  кыз кезинен орто жашка келген кезине чейинки образын ачып берген Элина Абай кызына суроо узаттык:

-Элина, билим алган кесибиң кайсы?

-Бухгалтердик эсеп боюнча билим алгам. Бухгалтер болуп иштеп жүрдүм. Ѳзүм түзгѳн бий тобум дагы бар.

-Бул киного кандайча тартылып калдың?

-Киного тартылууга ынтызар болуп келгендер кѳп болду. Мени кокусунан чакырып калышты.  Адегенде фото сынакка келдим. Анан  мен айттым, мен арыкмын, сарымын, чачымды дагы кыркып салгам, мен ылайыктуу  болбосом керек дегем.  Анан видео сынакка чакырышты. Ошентип  4 -5 жолу бардык. Кыздар кѳп болчу. Анан бир жарым айдан кийин чалышып, келип кетиңиз, Садык Шер-Нияз келсин деди дешти. Барсам кастингден ѳттүң дешет. Ишенип, ишенбей, бирок ичимден аябай сүйүнүп, адегенде кандай болоор экен деп кооптонуп да жүрдүм. Ошентип тартылып калдым.

-Канча жаштасың?

-24кѳ чыктым.

-Башта киного тартылгансыңбы?

-16 жашымда «Боз салкын-1ге» тартылып, Барчындын ролун ойногом.

-Ушундай улуу инсандын ролун  ойнош кыйын болгондур дейм?

– Башында оор болду. Эң негизгиси ишенич экен. Датка энебиз жѳнүндѳ окуганда анын ролунун мындай кыйын экени сезилген эмес. Анын образына сүңгүп кирип, анын акылдуулугун, сүрдүүлүгүн, кѳрѳгѳчтүгүн  кѳрсѳтүү  мага  албетте  оор эле болду. Анын үстүнѳ ѳмүрлүк жолдошунан, анан эки баласынан айрылганда да кайратынан кайтпай, эл тынчтыгын ойлогон күчтүү  аялдын образын жаратуу абдан кыйын эле. Садык агай дагы мени ойной алабы, ойной албайбы деп кооптонду. Чыгармачыл топ дагы ишенип, ишенбей турушту. Ар нерсенин башталышы оор болот эмеспи, жаңы тарта баштаганыбызда кыйла эле кыйналдым. Бирок ѳзүмдү колго алып, ѳзүмѳ-ѳзүм ишенип, анан ойноп кеттим. Азыр кинону кѳрсѳм жакшы эле болуптур.

20140902_140223_220140902_173742_2

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.