Каргашалуу таң (Ыр түрмөк)

Автор: akunova, Январь 25, 2017

2017-жылдын 16-январында «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан  Дача Су айылына Боинг 747 учагы кулап, 40ка жакын адамдын өмүрүн алган күнү жазылган ыр. Набыт кеткендердин 17си оозунан эне сүтү кете элек наристелер болчу.

Тоо-таш ыйлап, таң ыйлап,

Аалам ыйлап, жер ыйлап.

Кырсык басып кыргызды,

Асман боздоп, эл ыйлап.

               Күндүн нуру каякта

Өмүр эмес, өлүм жүктөп келаткан,

Ар бир үйгө ажал түштү учактан.

Бал уйкудан ойгоно элек наристе,

Ойгонбостон кете берди кучактан.

Күлкү эмес, күйүт ырын утурлап,

Күлүп чыккан күндүн нуру каякта?

Бир айылды ажал тооруп келди да,

Бир айылды жалмап кетти заматта.

 

Канча үйдүн шам чырагын өчүрүп,

Бак-таалайын тепсеп кетти бир учак.

Канча  өмүрдү там-таш менен талкалап,

Канча үмүттү үзүп,тытып, бырчалап

 

Бул жарыкка келе элек наристе,

Бул өмүрдү көрбөй туруп көз жумду.

Аң-таң болуп, эч нерсеге түшүнбөй,

Бала турду, эне турду, эл турду…

 

Ажал неге адашпады десең ээ…

 

Жүрөктөрдүн үшүн алган учактын,

Үнүн угуп жашоо кандай азап ай!

Унута албай ошол таңды жан алган,

Жашаарсыңар жашап  дагы,  жашабай.

 

Аттиң, аттиң, ошол таңда кокустан,

Ажал неге адашпады десең ээ!

Өмүр эмне экендигин билелек,

Наристенин кай күнөөсү бар эле!!!

 

Боздоп, сыздап жүрөктөрдү ооруткан,

Энелердин муңдуу  үнүнө чыдабай.

Түтүн каптап, туман каптап айылды,

Бүт ааламды ыйга бөлөп турат ай!!

 

Жалгыз калды  Жакшылык

 

Жек көрөөрсүң ушул күндү садагам,

Аппак, таңы айсыз түнгө айланган.

Бир ирмемде бир айылды тегиздеп,

Бир ирмемде ата-энеңди жалмаган.

 

Тагдырыңдын таш-талканын чыгарып,

Балалыгың  уурдап кетти бир учак.

Көөдөнүңө батпай турат арманың,

Жүрөгүңдө сагынычың бир кучак.

 

Сени сүйүп, аягандар абдан көп,

Жанын төшөп, жалбаргандар андан көп.

Жашооң балким, жакшы болоор көлөкөм,

Улутунуп, унутулбас күндөр көп…

 

Учак деле учуп тураар асманда,

Көргөн сайын көңүлүңдү сыздатып.

Ата-энеңден айрылган ошол ирмем,

Ээрчип жүрөөр жүрөгүңдү муздатып.

 

Каргашалуу күндөн пайда издеген жигитке       

 

Калк башына түшүп каран күн,

Боздоп эне, бала ыйлап турганда.

Жанын жеди кыргыздын уулу,-дешти,

Шек келтирип кыргыздын намысына!

 

Дитиң барып, кантип айттың каран күн!

«Урандыда энем калды,энем,-деп!

Үй-бүлөмдү жоготтум»,-деп ыйлапсың,

Турган кезде эл-журтубуз кайгы жеп.

 

Ар-намысты тепсечү эмес биздин эл,

Элдин бетин эми кантип карайсың?

«Эл алдаган эргул»,-деген сөз ээрчип,

Эл ичинде эми кантип жашайсың???

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.