Жетим кыздын тагдыры (аңгеме)

Автор: akunova, Январь 25, 2017

 Эгер менин жашоом башкалардыкына окшош болгондо балким бул баянды жазмак эмесмин. «Башкалардыкына»,-деген сөздүн артында абдан көп сыр бар…

      Бул окуя ата-энемден ажырап, таенем менен жашай баштаган күндөн  башталган. Мен ал күндөрдө кичине болчумун, башымдан ушунчалык  көп кайгылуу күндөр өтөөрүн, мен ушунчалык татаал тагдырды көтөрө алаарымды,  анан ошол күндөр мага өмүр бою сабак болоорун, анан күндөрдүн биринде койкойгон «бизнес леди» болуп, бирөөгө жардам бергенге жарап калаарымды  чынын айтсам элестеткен  эмесмин.  Бирок менин башымдан өткөн оор турмуш, азаптуу күндөр, ата-энеме болгон кусалыгым, кенедейимден чиеленишкен талкаланган тагдырым, бактысыз өткөн балалыгым көңүлүмдө жазылып келе бериптир.

Балалык демекчи башка балдар сыяктуу эле атам, апам, эки иним менен бактылуу жашачубуз. Апам баскан-турган жеринде күлкү жаңырган шайыр, ажарлуу  аял эле. Ал барда баарыбыз көнүлдүү, бактылуу элек. Атам мектепте мугалим, апам ооруканада медсестра болчу. Элес-булас эсимде бары –атам айылга үй куруп баштады. Бышкан кыштан курула баштаган эки кабат кооз үй биздин үйдөгү тозокко айланган күндөрдүн башталышы болгон экен. Жаңы курула баштаган  үй жарымына келип токтоп калды. Атам бечара эптеп бүткөрүп жиберем деди окшойт, атын, уюн, малынын баарын сатып да курулушту бүткөрө албады. Сарайыбызда мал калбады. Азыр ойлосом жөнөкөй дарыгерге үй куруу оңой болгон эмес көрүнөт. Ал мезгилде союз ыдырап, иш жогунан элдин көбү Кытайга каттап, калганы Россияга, Казакстанга иштеп келгени кетип жаткан мезгил болчу. Атам менен апам дагы досторун ээрчип Россияга иштегени кетишип, биз таенемдикинде калдык.

       -Биз иштеп келип үйүбүздү бүткөрөбүз, машина сатып алабыз, силерди институттарда окутабыз,-деди кетээринде атам биздин көнүлүбүздү көтөрөйүн деди окшойт. Апам болсо  бизди кучактап, өпкүлөп, өпкүлөп, жашып  атып кетти. Артынан ыйлап кетип баратканын көрдүм.

        Күндөр зымырап өтүп, биз ата-энесиз өткөн күндөргө акырындап көнө баштадык. Ата-энебиз акча жөнөтүп турушту. Таенем бизди жакшы карап, жакшы тарбиялады. Ал канчалык бизди жакшы көрүп, тамактан, кийимден кем кылбай, үстүбүзгө түшүп үйрүлсө да биз  ата-энебизди сагынып, башка балдардын ата-энеси менен жүргөнүн көргөндө, балдардын апалары эркелеткенде  бозала боло беребиз. Атам менен апам бир жыл иштеп келишип чын эле үйдү бүткөрүштү. Мебелдер коюлуп, үйүбүз жомоктогу кан сарайга окшоп калды. Той берип, атамдын маанайы абдан ачык болчу.             Дагы жарым жылдан кийин Бишкектен кафе сатып алышып, бирөөгө ижарага беришкенин угуп калдым. Бир жолу бутубузга туруп алалы дешсе керек го, борбордон үй сатып алышты. Машиналуу дагы болдук. Дердейип ата-энебиз келгенде машинада жүрүп калдык.

     -Кыскасы кудайым колдоп, иштери жүрүшүп кетти,-дечү таенем. Бирок биз ата-энебизди сагынып, алардын келишин чыдамсыздык менен, аябай күтчүбүз. Күндөрдү санап, таенемден сурай берип,  тажата берчүбүз. Үчөөбүздө тең телефон бар. Ватсапта жазып, сүйлөшүп, «Качан келесиңер, биз силерди сагындык, үй бүттү го, эми келбейсиңерби» ,-дей  берчүбүз. Ата-энебиз келген күн биз үчүн майрамга айланчу.

      -Болду, быйыл иштеп келип, Бишкекке дүкөн ачабыз дагы, анан  баарыбыз   Бишкектеги үйдө жашайбыз,-дечү апам. Биз таенемди дагы ала кетели ошол үйгө дегенибизди угуп таенем аябай кубанган.

      -Биз жолго чыктык,-деп жазды апам Ватсапта бир күнү. Биз кубанчыбыз койнубузга батпай сүйүнүп, үчөөбүз кучакташып алып секирип, үйдү үч көтөрдүк. Анан апам келгенде үй таза болсун деп жыйнап, эшиктин алдынан бери шыпырып койдук. Таенем «ушул токтуну соебуз,»-деп кой байлап отурган.

         –Азыр атамды, апамды көрөм, «эми эч жакка кетпейсиңер,  үй бүттү, мени аябасаңар да тигил эки кичинекейиңерди аябайсыңарбы,-деп айтам деп элестетип, кубанычым койнума батпай мектептен келсем үйдө эч ким жок экен. Таенем дагы жок… Эшикке чыгып, эмнеге эч ким жок, апамдар келиш керек эле,-деп таңкалып турат элем. Апамдар  келип калды го,-деп шашылып келдим эле да! Аңгыча кошуна кемпир келип калды.

        –Ээ садага болоюн, сен эмне бул үйдө жүрөсүң, жүрү чоң атаңдыкына, баары ошол жакта,-деген сөздү угаар менен  тызылдаган бойдон чоң атамдыкына жүгүрүп жөнөдүм. Биздин жаңы салынган үй чоң атамдын үйүнүн  жанында болчу. Үйүбүздүн алдында эл көп экен. Эмнеге деп ойлогон деле жокмун. Короонун ичинде тигилип турган боз үйдү көрүп жүрөгүм болк дей түштү. Себеби Чолпондун апасы өлгөндө  ушундай боз үй тигишпеди беле. А эмнеге биздин короого боз үй тигишти,-деп ойлоп келаттым. Чоң атамбы, же чоң энемби,-деп коем өзүмчө. Эмнеси болсо да тезирээк апамды көргүм келди. Себеби сагынычым жүрөгүмө батпай турган эле. Боз үйдүн алдындагы аялдарды аралап апамды издедим. Катар тизилген аялдардын арасынан апамдын  ыйлаган үнүн тааныдым.

      -Кара көзүм кашайды каралдым!,-деген апамдын ачуу  үнүн, ыйын угуп деле эч нерсеге түшүнө алган жокмун. Апам мени кучактап ыйлай берди, ыйлай берди.

      -Сен эмне турасың, ыйлабайсыңбы, тоодой атаң өлүп отурат,-деп мени чымчып алды, Гүлбар аттуу бир  ажаан жеңебиз бар эле. Ошондо гана атамдан ажыраганыбызды түшүндүм. Ошондо гана

       — «Атаке, атаке! Мен сени күтпөдүм беле, келем дебедиң беле!»,-деп эчкирип, боз үйдө тартылган көшөгөнүн артында жаткан атамдын үстүнө жыгылып ыйладым. Аялдар мени атамдын жанынан  зорго алып чыгышты. Атамды канчалык жакшы көргөнүмдү, канчалык сагынганымды ошондо түшүндүм. Эртеси атамды жерге көмүштү. Туугандарыбыз 6-7  күн жаныбызда болушту. Анан эл тарап, үйдө апам, эки иним, төртөөбүз калдык. Мен дагы, инилерим дагы кичинебиз. Кичүү иним атамды эстеп, «атам качан келет, мынча күндөн кийин  келеби»,-деп беш манжасын көрсөтөт. Апам да, биз дагы эчкирип ыйлайбыз.

         Көрсө атамдар Москвадан машинага отурушат. Булар түшкөн машина авария болуп, атам менен үч адам каза болуп, апам тирүү калыптыр. Ошентип күндөр өтө берди. Атамдын туугандары апамды атамдын үйлөнө элек эки инисинин бирине алып беребиз, неберелерибизди жетим кылбайбыз,-деп чыгышты. Азыр ойлосом апам макул болбой коюптур. «Энелүү жетим-эрке жетим»,-деген чын экен. Жашоодон кыйналган жокпус, апам белди бекем бууп, тириликти өз колуна алды.    Шаардагы кафе, үйлөрдүн ижара акысын барып алып келип турду. Өзү ооруканага  ишке чыкты. Бизди кийиндирип, ачка калган күнүбүз болгон жок. Ушундай күндөрдүн биринде  апабызды сарайда асынып калган жерден таптык. Чыркырап ыйлаганыбыз  менен эч нерсени өзгөртө албадык. Апамды дагы жерге бердик. Эми үчөөбүз тоголок жетим калдык. Кучакташып ыйлагандан башка аргабыз жок эле. Апабыз эмнеге асынып алганына эч кимибиз түшүнгөн жокпус. Эмне болгонун бизге эч ким айткан да жок. Апамдын өлүмү биз үчүн табышмак бойдон калды.

       Бизди үчөөбүздү тең таенем алып кетти. Мен анда 7-класста окуп калгам. Таекемдин кичинекей балдарына каралашсын деп, мен коңшу айылда таекемдикинде, эки иним таенем менен жашап жүрүштү. Ошентип менин бактылуу балалыгым ушул күнү бүтүп, аянычтуу тагдырым башталды. Таяжеңем жаңы келгенде жакшыраак мамиле кылчу, анан миң түркүн кыялдары чыга баштады. Ал үйдүн тиричилигинин бардыгы менин мойнума илинди да калды.

       -Үйдү жыйна, тамак жаса, балдарды бакчадан алып кой, кир жууп кой, нан жап, айтор таяжеңемдин  бардык иши менин мойнумда. Кичинекей, жетим, байкуш демек тургай, кагып-силкип, «Кыз бала тамакты аз жеш керек, семирип кетесиң»,-деп жеген-ичкенимди эсепке алып, зекий баштады. Эч нерсе үйрөтө албадым, ушун үчүн жетимсиң да,-деп колго чапкан күндөрүчү…Таекем келгенде калптан эле тамашаламыш этип, жесең, ичсең, сабагыңды окуй кой,-деп  сулуу сүйлөп калат эле. «Ой-иий куу Түлкү» деп коем ичимден. Таекемдин иштен келишип аябай зарыгып күтчүмүн. Себеби таекем келгенде гана жаным жай алып, бир аз болсо да эс алчумун. Таенем негедир таякемдикине мени узатып жатып, эгер таяжеңең урушса таякеңе айтпа, айтсаң экөө урушуп кетишпесин,-деп жөнөткөн. Ошон үчүн  экөөнү уруштуруп койбоюн деп таекеме эч нерсе айтчу эмесмин. Ошентип күндөр өтө берди. 10-класста окуп жүргөм. Таяжеңемдин аталаш иниси бар болчу. Менден 6-7 жаш улуу. Капкара,  кебетеси суук, ошол мага кызыгып, таекемдикине келе берчү болду. Көбүнчө таекемдер жокто келет.

         -Татынакай кыз болуп калдың, чачың тим эле укмуш, көздөрүң карагат, мектепти бүтүп шаарга барам деп ойлобо, сендей багаар, көрөөрү жок кыздарды шаарда тез эле бузуп ташташат, андан көрө мага турмушка чык, куурчактай багып алам,-деп өпкөнгө аракет кылып, кучактайын дейт. Мен көчөгө качып кетип кутулчумун.  Таежеңеме айтсам

         -Кой садагасы, Канат  андай бала эмес, «Кунажын көзүн сүзбөсө -бука жибин үзбөйт»,-дейт, өзүң жөн жүр, Канат  сага окшогон жетимди эмне кылмак эле,-деп шылдыңдап, кайра мени урушуп салды.

Каникулга барганда таенеме айтып берсем, таекемдикине жибербей койду. «Чоңоюп калды, инилерине каралашсын, менин жанымда окусун»,-деп койду, таекеме. «Абийриңди жашыңдан сакта, өзүң жетим болсоң, өнү-башың татынакай, бойго жетип калдың, эми сага кызыккандар көп болот. Ба абирган жериңе абийириң менен бар,  багың ачылсын»-дечү таенем.

       Ошентип мектепти бүттүм. Таенем карып калды. Чоң атамдар үй-жайын талашышпасын дедиби, бизден кабар алышкан да жок. Мектепти жакшы бүтсөм да «Окуйт элем»-,дей албадым. Таенемди көрүп турам,  мени окутканга чамасы жок эле. Кыжалат кылбайын деп ооз ачпадым. Иштесем, бутума турсам, инилеримди окутсам деген ниетим бар эле, бирок каякта иштейм? Шаарда эч кимди тааныбасам. Ушинтип жүргөн күндөрүмдүн биринде айылга Бишкектен Апал деген аял келип калды. Апасы таенемдин кошунасы болчу. Таенем учурашканы барып сүйлөшүп келиптир.

      -«Апал сага иш таап берем деди. Тигил музоону саталы, сен иш тапканыңча тамак-ашыңа, баскан-турганыңа жарап турат, Апалга оорчулугубузду тийгизбейли,-деп  торпогун саттырып, акчасын түйүп колума карматып, Апалга кошуп шаарга узатты. Апал адегенде жакшы эле аял көрүнгөн. 15 күндөй анын үйүндө жашадым. Анан күндөрдүн биринде  Апалдын үйүнө бир жигит келди. Бою узун, татынакай шаардык жигит экен. Эшиктен киргенден эле менден көзүн алган жок. Апал эжем дасторкон жасап, эпилдеп жүгүрүп жүрдү. Анан экөө бир жакка бармак болушту.  Эртерээк кетип калса экен,-деп тажап турат элем. Азаматы мени кошо ала барабыз,-деп чыкса болобу. Мен эч жакка барбай турганымды айтып, башым ооруп турат,-деп зорго кутулдум. Ошол түнү Апал эжем абдан кеч келди. Кызуу дагы болчу.

       -Отур экөөбүз сүйлөшөлү,- деди.  Мен уктап калган болчумун. Уйкулуу көзүм менен зорго отурдум. Анын үстүнө кызуу кезинде сүйлөшкүм келген жок болчу.

    -Эртең сүйлөшпөйлүбү,-дедим.

     -Жок азыр сүйлөшөбүз. Шаарда азыр  иш табуу кыйын. Анан сенин  билимиң болбосо, эч жерде ишке да албайт. Бирок өңү-түсүң келишкен, татынакай кызсың. Өңүң менен деле жан сактап кете аласың. Азыр кыздардын баары эле ушинтип акча таап атышпайбы. Жанагы Азамат деген жигитти көрдүңбү? Азамат мени бир карап койсо экен,-дегендер  толтура шаарда. Бирок анын көзү сага түшүп калды. Акчаны сапырып жүргөн байлардын бири.  Үй сатып берейин, машина сатып берейин, окутайын, алтынга бөлөйүн деп атат, эс-акылың болсо ошого экинчи болуп тийип ал. Жашоодон кыйналбайсың,   акчаны уучтап жүрөсүң, каалагандай кийинесиң, таенеңе, инилериңе да жардам бересиң,-деди.

     -Ал эмне үйлөнө элекпи,-дедим таң калып.

      -Үйлөнмөк тургай үч баласы бар. Бирок сага көзү түшүп калды,-дейт Апал.

     -Жок, эжеке. Мен бирөөгө аялынын үстүнө тие албайм, өзүм иштеп, акча таап, ак эмгегим менен жашайм,-дедим.

      -Аа байкуш, ак эмгеги менен жашайт имиш! Сени ким ишке алат имиш,-деп мени шылдыңдап каткырды. Ме ак эмгегиң менен  жаша,-деп сумкамды колума карматып, эшикке чыгарып койду. Саатты карасам түнкү 3 экен.

-Эжеке эртең кетейин, түндө каякка барам,-десем, каякка барсаң ошол жакка бар,-деп эшигин бекитип алды. Мас болчу да…Дагы жакшы жай эле, таң аткыча эшиктин түбүндө отурдум. Коркконумчу…

     Эртеси иш издеп баштадым. Кандай ишкана болсо деле иш сурап кире бердим. Баары эле колумдагы сумкамды, үстүмдөгү жупуну кийимимди тиктешет. Билимиң барбы,-деп сурашат. Ошентип жүрүп  кеч кирип кетти. «Ишсиздер автобекеттерде укташат экен»,-деген сөз уккам. Автобекетти сурамжылап жүрүп таап алдым. Түндүн бир оокумуна чейин адамдар үзүлбөйт экен. Отургучтардын биринде уктап, ойгонуп,  үргүлөп отура бердим. Бир оокумда эч ким калбай калды.

      -Кызым, автобекетти жабабыз, сен бир жакка кетет белең,-деди аксакал адам. Кароолчу окшойт.

      — Менин бара турган жерим жок, ата,-деп  ыйлап жибердим. Бул жерге уктаганга болбойт, бирок эми арга жок, мен төшөк алып келип берейин, өзүң кичинекей кыз экенсиң, минтип түнгө калбай жүр,-деп төшөк берди. Мен бурчтагы  отургучта уктап калдым. Эртең менен эрте ойготуп, чай берип, иш таба албасаң айлыңа  үйүңө кетип кал, каралдым. Шаарда жаман адамдар көп, сенин наристелигиңди да аябай тургандар көп,-деп узатты.

     Эсим ооп, эмне кылаарымды билбей келатсам жолдун боюндагы имараттын үстүндө  мейманкана деп бадырайып жазылып туруптур. Иш таап алгандай сүйүнүп кеттим. Кире бериште биринчи жолуккан  эле аялга:

    -Эжеке мага иш барбы,-дедим.

   -А сенин билимиң барбы,-деди мени суроолуу карап. Мектепти эле бүткөм эжеке, бирок кандай иш болсо да иштегенге даярмын,-дедим.

   -Анда жүрүчү,-деп дарбазанын жанына чейин ээрчитип барды да, бир  иш бар, бирок сен иштей алаар бекенсиң,-деди.

     -Ал кандай иш эжеке,-дебеймби сүйүнүп…

      -Азыр кандай иш болсо да иштеш керек. Эч бир  иштин уяты  жок. Сени бир аял менен тааныштырам. Жакшы аял, кардарды ал аял өзү табат. А сен эркек менен болуп көргөнсүңбү,-десе болобу! Эмне дээримди билбей катып калдым. Кыздар шаарда денесин сатып жашайт экен, ошондой балакетке илээшип кала көрбө,-деген эле таенем мени шаарга узатып жатканда.

    -Денемди сатыппы,-дедим коркуп кетип.

    -Анын эмне уяты бар, денеңди сатып эмес, иштеп акча табасың. Анан сага каяктагы иш табылмак эле. Көчөдө тилемчи болгондон көрө акча уучтап жүрөсүң. Сени ал жакта ким таанымак эле,бирөө кайда иштейсиң десе, мейманканада иштейм деп коесуң,-деди ал эже  кабагын чытып.

    -Жок эже, мен анте албайм, таенем укса өлүп калат,-дедим.

    -Дымагын мунун! Анте албасаң өзүң иш таап ал. Азыр эле кандай иш болсо да иштейм,-деп атпадың беле, бар анда сөлпөйбөй,-деп эшигин жаап алды.  Ошондогу ыйлаганымды айтпай эле коеюн. Көпкө чейин селейип отурдум. Эч кимди тааныбайм. Бара турган жерим жок. Шаарды да билбейм.  Эмне шаарда кыздардын баары эле ушинтип жашашабы, каерге барсаң эле ушул сөздү айтышат экен,-деп ойлоп койдум. Андай окуяларды көрбөсөм да бузулган кыздар жөнүндө көп окугам, кыздардан уккам. Жок, андан көрө өлгөнүм артык,-деп ойлодум.           Сумкамды көтөрүп алып дагы иш издеп жөнөдүм,  барбаган жерим калган жок.  Дагы кеч кирип баратты. Сумкамды көтөрүп алып   таксисттер чогулуп турган жерге да бардым.

       -«Байке иш таап бериңизчи,-дедим чогулуп отурган таксисттердин  ар кимисине барып. Сенин колуңдан иш келеби,-деп күлдү бири. Экинчиси Московский-Советскийде, же цирктин жанында  жакшы  иш бар»,-деди.  Мен ишенип алыпмын, ал жакка кантип барам десем, үчүнчүсү аяды көрүнөт:

     -Бул андайды тамашаны түшүнө элек наристе кыз экен, жакшына болсоңор эй,-деди тигилерге. Анан мага карап: бул жерден кет карындашым, үйүң каякта, ата-энең барбы, эң жакшысы үйүңө кетип кал. Жаш экенсиң, минтип иш таба албайсың, же шаарда таанышың болсо таанышыңдыкына бар, -деди.

    — «Аялдамаларда иш берилет деген жарыялар болот, ошону карабайсыңбы» ,-деди дагы бири. Кичинекей көрүнөт окшойм, саунага барсам

    -«Сендей кичинекей кыздарды ишке алалбайбыз,»-деп койду бир байке. Кеч кирип баратат, бүгүн каякка түнөйм,-деп  безилдей баштадым. Эжеке  бүгүн сиздин үйүңүзгө түнөйүнчү, далисиңизге эле жатып алам, бир эле түн,-дедим жолдо турган орто жаштагы аялды ээрчий басып. Башымдан аягыма чейин сыдыра караган аял:

      -Мейли, жүрү,-деди жылмайып. Мен аялды ээрчип бара бердим. Оңго, анан солго, анан кычыктан өтүп  быжыраган үйлөрдү аралап кетип бараттык. Жолдо баягы эжем 3-4 эркек  менен көпкө сүйлөшүп калды. Мен обочодо турам. Бирок баягы кишиге мени көрсөтүп бир нерселерди айтып атканын түшүндүм. Бул аял ал кишиге мен жөнүндө эмнелерди айтышы мүмкүн, деп тигилердин сөздөрүн тыңшаганга аракет кылдым. «Бул айылдан келген жаш кыз, наристе  бойдон, төртөөңөр ушунча эле бересиңерби, дагы кошкула»,-деген сөздөр кулагыма шак дей түштү. Тиги чоң кишилерди көрүп жүрөгүм түшүп калды. Бирөө жарым мага жардам берээр бекен деп эки жагымды карасам өткөн-кеткендердин ар кимиси өз иши менен алектей…

     — Кой качып кетейин,-деген ой келди. Тызылдап артка качып келатам, баягы үч эркек мени кууп жетейин деп калышты. Кудай жалгап алдымдан  формачан милиция чыгып калды. Кантип милицияга жармашып калганымды билбейм. Ыйлап жибердим. Баягы кишилер милицияны көрүп качып кетишти.

     -«Байке, бүгүн мени бир жерге жаткырып коюңузчу, милийсаканага деле уктай берем, эртең эптеп бир жерге бараармын деп, ыйлап, милицияны кетирбей койдум. Айласы кетти көрүнөт, мени  бир окуу жайында кароолчу болуп иштеген аялдын жанына алпарды. Аял жакшы апа экен, чай берип, курсагымды тойгузуп, «Таенеңе ушунчаңда кетип кал, кызым, минтип жүрсөң бир балээге кабыласың»,-деп жаткырып койду.

         Эртең менен  дагы иш издеп жөнөдүм. Кечке барбаган жерим калган жок. Дагы кеч кире баштады. Кечти эстегенде безилдей баштачу болдум. Шайым дагы ооду. Кудай жалгап, көчөдө тилемчилик кылып жүргөн кичинекей баланы көрүп калдым. Уялбай эле  баягы баланы ээрчип  алдым. Кичинекей бала да деп корккон жокмун. Бүгүн сенин жаткан жериңде жатайынчы,дедим баягы балага. Бала адегенде менден чочулады, анан бир бечара көрүнүп кеттим окшойт, ээрчитип алды. Бир үйдүн жер төлөсүндө көп балдар түнөшөт экен. Өзүн Эркин деп тааныштырган баягы кийимдери жыртык, бети, колу кир, ботала болгон  бала мага картон, эски карала болуп бүткөн одеял  алып келип берди. Жолдо 5-6 пирожки алып алгам. Тигил баланын дагы тамагы бар экен. Чогуу тамактанып,  фантасын бирге  ичтик. Ошол баланын жанына жаттым. Сумкамдан жемпиримди алып жазданып алгам.    Аябай чарчаган экенмин, абдан катуу уктапмын.

      Эртең менен ойгонсом жанымда эч ким калбаптыр. Эки  көйнөгүм,  жемпирим салынган сумкам жок. Эмнеси болсо дагы деп документтерим  менен бир аз акчамды ички көйнөгүмдүн чөнтөгүнө салып, төөнөп койгон элем. Документтерим ошентип жанымда калды. Киймимди жоготконума ичим ачышса да, мейли эми,үстүмдө кийимим бар го деп өзүмдү-өзүм сооротуп  кете бердим.

     -Кой, бүгүн эптеп иш таппасам болбойт, акчам да түгөнө баштады, бүгүн эми каякка барып жатам? Үйгө кайтканга болбойт, эптеп иш табуум  керек,-деп түшкө чейин көп ишканаларга кирдим. Базарды кыдырдым.  Эч ким иш бар,-дебейт. Кечке жуук үмүтүм үзүлүп, бүгүн кечте кайда бараарымды билбей, баягы балдарга дагы барсам окшойт,-деп  турганымда  Ош базарынан бейтааныш аялга жолуктум. Жөнөкөй, жүзү тотуккан, айылдын келиндерине окшойт.

         -Иш  таап бериңизчи, эжеке деп жалбарып жибердим. Сен кимсиң өзү,-деди ал. Мен иш издеп келгенимди айтып баштадым.  Болуптур, ыймандуу эле кызга окшойсуң, талаада иштей аласыңбы,-деди менин илмийген манжаларымды тиктеп. Иштей берем, иштейм эже, кандай иш болсо да иштегенге даярмын,-дедим безилдеп.

      Ошентип ошол аял менен Бишкектин чекесиндеги бир айылга бардык. Жолдо бул эже дагы мени эркектерге  сатып жиберсе эмне болот, кул кылып камап койсочу,-деп ар нерсени ойлой бердим, коркуп калган жаным. Бирок башка аргам жок эле. Ал эже чын эле эки кызы менен дунгандын пиязын чогултуп иштеп жатышыптыр. Ошолор ичкен тамакты ичип, ошолор жаткан жерде жашап, иштеп жүрө бердим. Бирок иштеген акчамды ал аял алып, мага эч нерсе бербейт. Кыздарынын эски кийимдеринен берип коет.

       Бул эми жайкы иш, күз алдыда, бир тыйыным жок,-деп кыжалат болуп жүрдүм. Менин иштеген акчамды бересизби,-дедим бир күнү. Ой, ичип-жеп атасың. Жашаган жериң дагы акча,-деди дагы аяп кетти көрүнөт, «кийин көрө жатаарбыз, иштеп турсаң»-деп кагып койду.   Күндөрдүн биринде кокусунан бир кыз менен тааныштым.

      -Шаарда ресторандардын биринде официант болуп иштейм. Кожоюндарыбыз абдан жакшы кишилер, мен сүйлөшөйүн, бизге барып иштебейсиңби,-деди мага боору ооруп. Ошентип Жаркынай иштеген ресторанда иштеп калдым. Кичинебизден бар, жокту көрүп өскөндүктөнбү, же ата-энемден эрте ажырагандыктанбы, иш таппай көргөн күндөрүмдү эстедимби, айтор кожоюндардын айтканын так аткарып, безилдеп, буту-бутума тийбей жүгүрүп иштеп жүрдүм. Чынчылдыгым жактыбы, же мээнеткечтигим жактыбы, же кудайдын бору оорудубу, айтор кожоюндарыма жактым. Чынын айтсам жагышка аябай аракет кылдым.

       -Атаң ким, апаң ким, кайсыл жерденсиң,-деп сураштырып жүрүп, жетим экенимди билип, жардам берип, акыл-насаат айтып жүрдү. Ишенчине кирдим окшойт, кийинчерээк үйүнө ээрчитип кетчү болду. Бир күнү «Биздин үйдө жаша»,-деп, мен алар менен бирге туруп калдым. Тамак жасаганды, мейман тосконду үйрөтүп, тарбиялап жүрдү. Айлыгымды өз убагында берип, таенеңди, инилериңди көрүп кел,-деп үйгө да жиберишчү. Сайкал эжени өз апамдай сыйлап, үй-тиричилигине каралашып, энемдей жакшы көрүп калдым. Жалгыз кызы 15 жашында мээсинен рак болуп өтүп кетип, башка баласы жок экен.

      -Менин кызыма окшошсуң, садагасы. Кызым тирүү болгондо сендей кыз болмок. Биз сага ата-эне бололу, сен бизге кыз бол,-деп Сайкал эже бир жолу. Жүрү эле жүрү,-деп жүрүп  үйүнө да киргизип алды. Мен аларды ата, апа дей баштагам. Ушундай күндөрдүн биринде Сайкал апанын апасы ооруп айылга кеткен. Жандар ата кечиккенинен столдун үстүнө тамак-ашты даярдап коюп, уктап кетиптирмин. Түшүмдө апам мени өпкүлөп, мен апамды көргөнүмө сүйүнүп, эмне бизди таштап кетип калдыңыз,-деп таарынып атыпмын. Анан эмне болду билбейм, чочуп ойгонуп кетсем Жандар ата өпкүлөп, төшүмдү кармалап атыптыр.

      -«Ата!» деп кыйкырып, түртүп жиберип, ыргып турдум. Чоң эле киши  чалкасынан жыгылып түштү. Өлтүрүп албадымбы,-деп коркуп кеттим. «Ата, ата, башыңызды көтөрүңүз,-башыңызды,-деп ыйлап жибердим.  Жок, ордунан тура калды. Соолуга түштү көрүнөт, селейип туруп калды. Менден муну күтпөгөн окшойт.

      -«Мени аяңыз, ата! Мен жетимди аяп коюңуз ата, өз кызыңыз болсом минтпейт элеңиз да, мен бир байкушмун» ,-деп шолоктоп ыйлап турдум.

Жандар ата эмне кылаарын билбей калды окшойт. Ошол бойдон кыймылдабай селейип көпкө турду. Бир аз кызуу болчу.

     -Эми сен кет кызым, эртең менен Сайкал келе электе кетип кал. Мен жерге кирейин. Эркектик напсимди тыя албадым. Экөөбүз эми кантип атасы, кызы боло алабыз? Сен ыманы ысык, маанайы ачык, татынакай акылы тетик, зээндүү кызсың. Бактылуу болууга татыктуусуң. Мен сени кызымдай жакшы көрөм деп ойлочу элем. Сага ыраазымын, ушул намыскөйлүгүңдөн, тазалыгыңдан, ушул тунуктугуңдан жазба. Жардам керек болсо айт, жардам берип турам. Ишке да орноштуруп коем. Сенден өтүнүчүм — бул окуя боюнча бир жанга оозуңдан чыкпасын,-деди.

        Мен көчөдө калган күндөрүмдү, түнөк таппай сандалган түндөрүмдү, ар кимден көргөн кордугумду эстеп, дагы каякка темселейм деп ойлоп кеттим да, буркурап, боздоп ыйлап жибердим.

      -Мени куубаңыз ата, өзүңүз жакшы билесиз, бара турган жерим жок. Сайкал апамдай апаны мен эми таба албайм. Мен бул окуяны эч кимге айтпайын. Мен сизди атамдай көрөм, атакебай, мен сиздерге ыраазымын,-деп безилдеп ыйлап жибердим. Эмне кылаарын билбей калды көрүнөт, акыры аядыбы, айтор  сыртка чыгып кетти.

       Жүрөгүм түшүп калган экен, таң атканча көзүм илинген жок. Мен анда арык, кенедей кыз болчумун. Үйдө экөөбүздөн башка эч ким жок эле. Эгер чындаса ал кишиге алым жетмек эмес. «Эркек менен өбүшсөң төрөп коёсун»,-дечү таенем. Жандар ата өөп койду, эми качан төрөп коёр экенмин деп коркуп  да жүрдүм. Эртеси Сайкал  апа келди. Мен эч нерсе айткан жокмун. Жандар ата:  Жазгүлгө акча-тыйын кылып берип, үйүнө жөнөтпөйлүбү, инилерин карап, таенесине жардам берсин,-деген экен, Сайкал  апа Жазгүлдү жолдун ортосуна таштай албайм. Аны өз кызымдай жакшы көрөм,-деп болбой коюптур. Ошол бойдон мен аларга кыз болуп калдым.  Арадан көп жылдар өттү. Жандар ата мени көргөн сайын ыңгайсыз абалда жүрдү. Мен да экөөбүз калганда эмне кылаарымды билбей качып кетет элем.  Бирок ошол окуя ошол бойдон жабылды.

       Сайкал апа  мага өз кызындай кам көрчү. Машина айдаганды үйрөндүм. Ресторанды мен иштетип калдым. Шаардын чок ортосунан дүкөн сатып алып, мага жаздырып беришти. Бирөө иштетет, мен көзөмөл кылам.  Азыр жашоом жомоктогудай, бир эмес, бир нече машинабыз бар. Жандар атанын бир досунун баласы менен тааныштырышты. Жаман жигит эмес. Гүлжигит менен көп жылдар сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ата-энесиз кыздай кылбай Сайкал апа себимди жакшынакай кылып жасап, үй сатып берип, көчүрүп барды. Улан аттуу  уулубуз 6 жашка чыкты. Ал Сайкал апамдын баласы. Менден көрө аны жакшыраак көрөт. Эки инимди ата-энемдин жардамы менен окутуп, биринин Ысык-Көлдө  пансионаты бар. Бири борбордо курулуш материалдары менен соода кылат. Үй-жайлуу, бала-бакыралуу болушту. Мен дагы окууну сырттан бүттүм. Бош убактым боло калса  балдар үйүнө айланчыктай берем. Ата-энесиз балдарга  кийим, бут кийим, оюнчуктарды, таттууларды алпарып берип турам. Алар кубанса өзүм кошо  кубанам. Ата-энесиз наристелердин кубанчын көргөндө ыйлап да жиберем.

      Айтмакчы атамдын туугандары менен ошол бойдон катышпай калдык. Себеби көп. Мен апамдын эмнеге бизди таштап асынып алганына таң калып, апама аябай таарынып жүрдүм. Аталары жок болсо, үч баласын таштап коюп кандай эне асынып алат? Балким бирөө асып койду бекен деп да ойлочумун. Эс тартканда таенемдин жанын койбой сурай бердим. Ойлонуп калчу. Бул окуяда бир сыр бар экенин, аны таенем билээрин сезчү элем. Бирок такыр айтчу эмес, анан бир күнү  ооруп калды. Ошондо анан:

       -Эми мен карып калдым кызым. Дагы канча  жашым калды ким билет, бир сырды айтып кетейин. Сен  апаң жөнүндөгү чындыкты биле турган, апаңды түшүнө турган  жашка келип калдың,  эми бардыгын  билишиң керек. Чоңоюп калдың,-деди. Көрсө атамдын эки иниси үй-жайга ээ болобуз,-деп апамды талашышып, апам өзүнөн кичүү кайнилерине макул болбой койсо бири зордоп салыптыр. Кайнисинен кордук көргөн апам ызасына чыдабай асынып алыптыр. Ошон үчүн  таенем бизди үйүнө алып кетиптир. Бул окуяны намыстанып чоң атамдар да, таенемдер да эч кимге айтышпаптыр. Мен бул окуяны укканда жиним кайнап, алардан сөзсүз өч алам деп кекенип жүрдүм. Азыр ойлосом бала экенмин, менин колумдан эмне келмек эле!

      -Аларды кудай өзү  жазалайт. Өч алам деп дагы бир балээге илине көрбө,-дечү таенем.

        Анан ушул жетимдердин мүлкү эле, ушулардын үйү эле, ушулар бир тууган агабыздын балдары эле,- деп эч кимиси кабар алышкан жок. Биз жаш  элек, атабыздын мүлкү бар эле деп алардыкына барган жокпус. Себеби Жандар ата менен Сайкал апа  үй мүлкүн бүт мага жаздырышып, инилериме да бизнес ачып берип, буттарына тургузуп коюшту. Биз үйгө да, мүлккө да муктаж болбой калдык.

      Сураштырсам атамдын эки иниси мүлк талашып кичүүсү улуусун атып салып, бири өлүп, бири камалып кетиптир. Улуусунун балдары бар экен. Таенемдин «Кудай өзү жазалайт» деген сөзү эсиме түштү. Ошол бойдон аларды эстебей да койдум.

     Таенемдин көзү өтүп кеткен. Таежеңемдер менен катташып турам. Бир гана таяжеңем ата-энеңден калган үй-жайыңарды кайтарып албайсыңарбы, сотко бербейсиңерби,-деп безилдеп жүрдү. Айтпадымбы таяжеңем ач көзүрөөк, дүнүйөнү жакшы көргөн аял болчу. Таекемди сыйлайм. Бизди өз балдарындай жакшы көрөт. Жакшы киши, балдарын мен чоңойтком, өз бөбөктөрүмдөй. Таяжеңем дагы мени азыр укмуш жакшы көрөт. Тез-тез телефон чалып, кабар алып турат. Себеби анда-санда каралашып турам. Анан атасы, энеси жок жетимдерди абдан аяйм. Анткени ал тагдыр өз башымдан өткөн да! Иш издеген жаш кыздарды көрсөм ичим ачышып кетет, өзүмдү эстейм. Колумдан келишинче жардам берем. Бир кездеги жетим кыздын тагдыры азыр мага жомоктой  сезилет. Эч нерсени биле элек секелек жаш кыздар мен көргөн кордукту көрбөсө экен дейм. Жандар ата менен Сайкал ападай  боорукер адамдар дүйнөдө көп болсо экен, эч ким мен көргөн азаптуу күндөргө кез келбесе  экен деп тилейм.

       Ким билет, балким Сайкал апа менен Жандар атага жолукпай калсам менин күнүм эмне болмок? Мага окшогон канча кыздын тагдыры талкаланып эле жатпайбы… Ата-энеси  иш издеп кетип, кырсыкка кабылып, бизге окшоп канча бала жетим калууда… Атасы алыска  кетип, ошол жактан үй-жай күтүп, канча үй-бүлө бузулууда. Байып келем деп кетип, ошол бойдон балдарын унутуп, канча наристе энесин бир көрүүгө зар болуп жүрөт… Байлык табам деп барып бөтөлкөгө түшүп  кеткендер канча… Баласын дайынсыз жоготуп боздоп жүргөн энелерчи…Жашоомду оңдойм деп барып, жолунан адашкан кыздарчы…Бөтөн жердин түрмөсүндө өмүр-жашы өтүп жаткан кырчындай жигиттерибизчи! Бирок кудайдын керемети менен, же жакшы адамдардын көмөгү менен тагдыр тамашасынан суурулуп, өмүр жашоосу оңолгондор да жок эмес. Ошолордун бири мен болдум көрүнөт…

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.