Блог тууралуу

 

Блогдун автору Жыпар Акунова. Бул блогдо адабий чыгармаларымды, журналисттик эмгектеримди жана учурдагы жашоого байланыштуу ой-пикирлеримди жарыялап турмакмын. Кош келиңиздер!

Өмүр баяным

Мен Акунова Жыпар 1958-жылы 17-июнда Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-март айылында туулгам. 1974-жылы орто мектепти аяктаган соң “Октябрдын 40 жылдыгы” тигүү фабрикасында тиүүчү болуп иштеп, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы улуттук университеттин) филология факультетинин журналистика бөлүмүнө кирип, аны 1981-жылы бүтүргөм. Эмгек жолумду “Ленинчил жаш” газетасында корректор, андан соң кабарчы болуп 1983-жылга чейин иштедим. 1983-жылы “Мектеп” басмасынын көркөм редакциясында кенже редактор, 1987-жылдан Ош облустук коомдук-саясий “Ленин жолу” газетасында корректор, кабарчы болуп эмгектенгем. 1997-жылдан бери республикалык “Кыргыз туусу” газетасынын Ош облусу боюнча кабарчысымын.

“Шок жылдыз”(1985),”Дил чырак”(1994),”Каректе калган жаз”(2009) ыр жыйнактарынын авторумун. Кыргыз Республикасынын жазуучулар, журналисттер союзунун мүчөсүмүн. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Ош шаардык мэриясынын Ардак Грамоталары менен сыйлангам. 1999-жылы журналистикага кошкон салымым эске алынып Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” менен сыйлангам. 2002-жылы журналисттик эмгегим үчүн ага Кыргыз Республикасынын журналисттер Союзунун Асылкан Бөрүбаев атындагы сыйлыгы ыйгарылган. 2001-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын “Алтын калем-2001”сыйлыгынын 1-даражадагы диплому менен сыйлангам. Кыргызстан жана Өзбекстан жаштар поэзиясы фестивалынын лауреаты болгом.

Үй бүлөлүүмүн, эки уул, бир кызым бар.

Один комментарий

Урматтуу Жыпара эже,
Түштүкко түшкө келин деген блогуңуз озүнчө эле аңгеме болуптур. Мага абдан жакты жана өзүмдүн жаңы келин болуп барган күндөрүмдү эске салды. Ушунчалык тааныш жагдай, окшош ойлор. Өзүм көп жылдардан бери Лондондо БиБиСи Кыргыз кызматында иштейм. Сизге ийгилик каалайм жана дагы чыгармаларыңыздан күтөм.

Автор: Акчолпон, дата: Вторник ноября 19th, 2013 14:40. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.