Архив рубрики “Чыгармачылыгым” category

Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым…

Автор akunova, Январь 22, 2013

Жаңы ачылган жоогазындай алоолоп, Көзгө өтө сүйкүмдүүсүң ай кызым. Мен өзүмдү көрүп турам өзүңдөн, Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым.   Таң аткандай жарык түшүп сен тарап, Тиктеп-тиктеп көркөмүңдөн көз талат. Шилекейин тарталышпай боз балдар, Ширин-ширин шыпшынышат бир карап.   Апкаарышып (…)

Читать далее »

Кыйсыпыр ай, кыйсыпыр

Автор akunova, Январь 16, 2013

Барган жерден чуу чыгып, Батпайсың да кыйсыпыр. Байыртадан келаткан, Башкаларды көралбас, Адатың да, кыйсыпыр.   Кытмыр күлкүң кытмыйып, Ичиң кара кыйсыпыр. Курбу болуп калп эле, Кубуласың калтардай. Жүзүң кара кыйсыпыр.   Жөлөп, таяп калп эле, Тамырларын тааныштын. Табасың да кыйсыпыр. (…)

Читать далее »

Бактылуудан бактылуу элем анда мен

Автор akunova, Январь 10, 2013

 Өтө ысык сүйүп туруп, сүйө албай, Себеби бар сен түшүнүп, түшүнбөс. Карегиңе коно калса капалык, Буткүл дүйнө кеткен сымал чайпалып.   Түгөл өмүр колдон түшүп кеткенсип, Сен көңүлсүз жүрсөң  ооруп жүрөгүм. Кайсыл күнү ачык болсо кабагың, Ошол күндү бакыт сезип (…)

Читать далее »

Кыргызды бала багып…

Автор akunova, Январь 8, 2013

Кылчылдап, кыштын күнү суукка тоңуп, Базарда наристебиз сагыз сатса. Кыргызды аял багып, бала багып, Чайпалып, эркектери оонап жатса.   «Алып кет эжекебай» деген бир сөз, Жүрөгүң талам-талам тилип кетээр. Үшүгөн жаш баланын жалдырашы, Сөөгүңдөн чучугуңа өтүп жетер.   «Өтүгүң майлап (…)

Читать далее »

Айылым

Автор akunova, Январь 3, 2013

Сыдырым жел аймалап нур жүзүмдү, Айылым сен тараптан сагынч сунат. Сүйдүрүп шүүдүрүмгө балтырымды, Жыңайлак баягыдай кыткылыктап, Саамайыма ак бантик байлап алып, Шибериңде чуркагым келип турат.   Чуркагым келип турат кызыл кечте. Жарышып өзүм кырдуу балдар менен. Узатып тептегерек  кызыл күндү, (…)

Читать далее »

Шам чыраксың – сен Ысык-Көл

Автор akunova, Декабрь 28, 2012

*** Шам чыраксың сен Ысык-Көл, Күүгүмдө жаркып жагылган. Керемет кыргыз жерине, Тумардай болуп тагылган. * * * Жылдыз түшүп калган өндүү төгүлүп, Ысык-Көлдө асман сүзүп баратат. Чалкып жатса түндө уктап мемиреп, Баканын да чардаганы жарашат.   Таңда ойгонсоң айнегиңден чулдурап, (…)

Читать далее »

Оо, Ысык-Көл, кереметиң керемет

Автор akunova, Декабрь 27, 2012

Оо, Ысык-Көл, кереметиң керемет, Перидейсиң  он сегизге келе элек. Толкундарың тосуп чыгып аймалап, Амандашып, башын иет чөгөлөп.   Жан дүйнөмдү удургутуп бир сезим, Көл ичинде жалын болуп жагылып. Наристедей толкундарга бой урам, Келгенимде мен көлүмдү сагынып.   Кытыгылап кыялымды бир (…)

Читать далее »

Ысык-Көл

Автор akunova, Декабрь 26, 2012

Кайкып учуп чумкуган, Чардагыңа суктандым. Толкунуңду сапырган, Жумшак желге суктандым. Таң атканча мемиреп, Кучагыңда уктаган Аппак айга суктандым.   Катар учкан тизилип, Каркыраңа суктандым. Айдай жүзү мөлтүрөк, Көл жээгинде бой жеткен, Кыздарыңа суктандым.   Көл ичинде акактай, Ташыңа да суктандым. (…)

Читать далее »

Өмүрдү жашаганың сезээр күн бар,

Автор akunova, Декабрь 25, 2012

** * Өмүрдү жашаганың сезээр күн бар, Каректе калган жаздын деми менен. Бакыттын табын сезип тураарың чын, Бактылуу көз ирмемдин илебинен. ** * Кезиккен күндүн ак таңын, Кечиккен күндүн аптабын. Бактылуу түндүн ак шамын, Коштошкон күндүн муздагын, Сүрөттөп айтып бералбайм. (…)

Читать далее »

Алгачкы кар

Автор akunova, Декабрь 21, 2012

Түшүмө да кирип далай эңсетип, Балалыкта аруу, сонун күндөр бар. Дегдеп, дегдеп демимди ичке каталбай, Уктасам да көздү жумуп жаталбай, Сени кандай күтчү элем аппак кар…   Жүрөгүмдө учуп-конуп жаткандай, Жагымдуу бир сезим төгүп көңүлдөн. Бийлеп учуп жааганыңда зампарлап, Бакытымдай (…)

Читать далее »