Баёо болсо менче болсочу…

Автор: akunova, October 6, 2012

Канча жылды бекер уттуруп,
Кайыгыпмын сени  күтүүдөн.
Алоолонгон оттун боюнда
Азыр дагы денем чымырап,
Жылый албайм  ошол үшүктөн.

Эселектик менче болсочу,
Өзүмдү-өзүм чокко салыпмын.
Ызаланып, бекер күйүгүп,
Жарык издеп жиксиз туюктан,
Жарым жолдо калып багытым.

Канча күндү эстейм чыйрыгып,
Көз ирмебей аппак таң тосчу.
Көөдөнүмдө жанып бир үмүт,
Жолуң карап күтүп жүрүпмүн.
Баёо болсо менче болсочу…

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.