Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым…

Автор: akunova, January 22, 2013

Жаңы ачылган жоогазындай алоолоп,

Көзгө өтө сүйкүмдүүсүң ай кызым.

Мен өзүмдү көрүп турам өзүңдөн,

Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым.

 

Таң аткандай жарык түшүп сен тарап,

Тиктеп-тиктеп көркөмүңдөн көз талат.

Шилекейин тарталышпай боз балдар,

Ширин-ширин шыпшынышат бир карап.

 

Апкаарышып батына албай өзүңө,

Тик карабай телмиришип көзүңө.

Имерилип, не кылаарын билишпей,

Кошоматты кош айтышат өзүмө.

 

Жаштыгың бар, тал чыбыктай чырагым,

Андан ашат сулуулугуң, чырайың.

Акылдуу бол, намыскөй бол көлөкөм,

Мен Теңирден сенин бактың сурайын!

 

Үйүбүздү шаңга, нурга бөлөгөн,

Перисиңби, ананайын ай кызым?

Жаңы ачылган гүлдүн баары сага окшош

Көз тийбесин, аман жүрчү жан кызым!!!

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.