Бейишке да алмашпаймын айлымды

Автор: akunova, February 10, 2013

Айлым менин жөпжөнөкөй бир айыл,

Башка айылдын бардыгына опокшош.

Асманы ачык, топурагы, тоосу да,

Өзгөлөрдүн айылына опокшош.

 

Апам, айлым, балалыгым чынжырдай,

Бир-бирине байланышкан чырмалып.

Алыс кетип, алыс, алыс жүрсөм да,

Самай берем, сагынычтан кыйналып.

 

Мен эңсеген жөпжөнөкөй бир айыл,

Кыялымда, жүрөгүмдө  жашаган.

Сени эстесем балалыкка кездешип,

Балалыктын деми менен жашарам.

 

Мага өзгөчө, өзгөчөдөй туюлчу,

Ай чыкканда жаңы гана жаңырып.

Эмнегедир айылыма тартылам,

Куса болуп, балалыкты сагынып.

 

Айлым менин кадимки эле бир айыл,

Башкалардан айырмасы азыраак.

Кереметтей сулуулугу, кооздугу,

Карегимде тасма сымал тартылат.

 

Жылдар сурап  турса дагы жашымды,

Самайм, эңсейм туулуп өскөн айлымды.

Ал айылда неге десең мен чоңойгом,

Бейишке да алмашпаймын айлымды.

 

 

 

Один комментарий

Абдан жакшы жазылыптыр. Чыгармачылыгынызга ийгилик!

Автор: Райхан, дата: Saturday May 11th, 2013 10:07 PM. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.