Кааласак да, каалабасак да Мырзакматов тарыхта калды

Автор: akunova, January 7, 2014

 

фотоМ (2)  Мелис Мырзакматов кайра шайланабы билбейм, бирок чындыкты айтуу парзым деп эсептейм

Ош шаарынын мэрин шайлоо 15-январга белгиленди. Алдыдагы шайлоо кандай болоор экен деп кооптонгондор арбын. Ош шаарында Мелис Мырзакматовду  сыйлагандар, анын эмгегин, чечкиндүүлүгүн  баалагандар көп. Башка жетекчи деле Мелистей иштемек деп, ага болгон элдин урматын  моюнга алгысы келбегендер, көралбагандар да жок эмес. Анда сөз башынан болсун.

Мелис Мырзакматов Ош шаарына мэр болуп шайланганда  ар кандай сөздөр айтылган. Мамлекеттик кызматта иштебеди эле, кандай болоор экен деп алыстан сынап тургандар көп болгон. Бирок Мырзакматов шаардын жетекчиси болгон күндөн ишти тың баштады. Соттошуп кетет дебей, коркпостон туруп  Зайнабединов көчөсүнүн  жээгин тазалады. Базардын тегерегин ирээтке келтирди. Туура, соттошкондор болду, чычалагандар андан да көп болду. Ак-Бууранын боюн тазалады, коркпой туруп  көпүрөлөрдү алдырды. Көчөлөрдү кеңейтиш кандай кыйынчылык менен болгонун баарыбыз көрүп турдук. Жаңы көчөлөрдү куруш оңой болгон жок. Ош шаарына  эстеликтердин эмне кереги бар эле,-дегендер  көп болду. Бирок шаарга кире бериш  дарбазаларга  заңгыраган айкелдер орнотулуп, Бишкектен Ошко кире бериштеги дарбаза оңдолуп,  Ош шаары  сөз жүзүндө гана эмес, иш  жүзүндө да жаркырап Түштүк борбору деген аталышка жооп берип, жакшынакай болуп калганын бир гана Оштуктар эмес, сырттан келгендер да айтып жүрүшөт. Мырзакматов ошол айкелдерди, жаркырап шаарды жарык кылган  шамдарды  ала кеткен жок. Жаркырап, Оштун көркүн арттырып  турат.

Шаарыбыз таштандыдан тазаланып, көчөлөр жаркырап, оргумалар борбор калаадан калышпай  музыка менен тең жарышып, жаштар эс алуу бактарында  отуруп эс алышып, айтор жакшы иштер көп болду.Биз кааласак да, каалабасак да  Мырзакматов  эстеликтерди, жолдорду курган,  шаарды  оңдогон, шаардын өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон  жетекчи катары тарыхта калды.  Мындай жетекчини  колдон келсе кетирбей  кармап, дагы   көп жакшы иштердин бүтүшүнө өбөлгө болуш  керек болчу!  Мындай жетекчинин идеяларын, эмгегин пайдаланышыбыз керек болчу. Мындай  жетекчиге иштегенге шарт түзүп, анын ишкердигин мамлекетти  оңдоого  пайдаланышыбыз керек эмес беле! Алыска барбайлы, Навои көчөсүндөгү чоң көпүрөнүн  эскилиги жетип, ар кайсы жери тешилип, кайсы күнү урап түшөөр экен деп коркуп жүргөнүбүздө эксперттер «бул  көпүрөдө жүрүү кооптуу»,-деген  аныктама  беришти. Мына ушундай учурда шаарды Мелис Мырзакматовго окшогон  чечкиндүү жетекчи башкарып калып, эстакаддык көпүрөнүн курулушун баштоого бел байлады. Бул демилге шаардыктардын  баарына жакты эле. Көпүрөнүн курулушунан   жардамыбызды аябайбыз,-дегендер көп болгон. Бирок бул демилгени  өкмөт, мамлекет жетекчилиги колдогон жок. Ал тургай көпүрөнүн курулушу туура эмес башталды, бюджетке киргизилген эмес, долбоору жок деп ар кандай жагымсыз кептерди айтып чыккандар биздин эле шаардын тургундары болду. А эгер ошол көпүрөдө  кырсык болсо ким жооп бермек эле!  А эмне себептен ошол көпүрө жөнүндө ошол сын айткандар кам көрбөдү? А эмне себептен бул  маселени биздин  мамлекет жетекчилерибиз ойлонбойт? Ош шаары эмне мамлекеттин өгөй баласыбы,-деп да ойлойсуң.  Туура,  Мелис Мырзакматов бийликте турганда  айланасында  шыйпаңдап жүргөн кошаматчылар абдан көп эле. Алардын  жүзүн  Мелис Мырзакматов бүгүн көрүп турган чыгаар. Кандай дегенибиз менен  алдыдагы шаар жетекчисин шайлоо кандай өтөөрү ойлондурат. Ал шайлоодо  Мелис Мырзакматовду эптеп өткөрбөөнүн  амалы башталганын кечээги шаардык кеңештин сессиясындагы  депутаттардын талаш-тартышы  көрсөтүп турбадыбы!  Ал эми шаар тургундарынын  айрымдарынын «Мелис Мырзакматовду коргоп алабыз, эгер депутаттар ага жол тоссо  биздин айтаар сөзүбүз бар» -деген  пикирин угуп туруп, айтор  эл-жерибиз тынч болсо экен, мэрди шайлоо тынч өтсө экен ,-деп кооптонуп турганыбыз чын. Эми бул жагдайды мамлекет башчылары дагы ойлонуп жатышкан чыгаар,-дегенден башка не дейбиз?

Один комментарий

Карапайым Оштуктарга Мырзакматовдун мэр болгону эле коп жакшылыктарды бермек. Аны дагы пайдаланып калууда оштуктар абдан зор утушта болушмак. Бирок, саясатта эл каалагандай боло бербейт да. Аны мэрден кетиребиз дегендер максатына жетип кетиши мумкун. Эгерде эл козголуп, депутаттарды жарга такаса башка иш болмок. Эл ага бара алабы? Маселе ошондо.

Автор: Шамиль, дата: Thursday January 9th, 2014 06:05 AM. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.