Архив рубрики “Чыгармачылыгым” category

(Русский) Жетим кыздын тагдыры (аңгеме)

Автор akunova, January 25, 2017

Sorry, this entry is only available in Russian.

(Русский) Каргашалуу таң (Ыр түрмөк)

Автор akunova, January 25, 2017

Sorry, this entry is only available in Russian.

Жалгыз сени унуталбайм эмнеге?

Автор akunova, February 23, 2015

Күндөр өтүп, кайсы кайсы жыл эле, Таңдар атып, батып кетти күн деле. Унутулду укмуш күндөр жыл өтүп, Жалгыз сени унуталбайм эмнеге?   Жылмаюуңду  жан адамга теңебей, Жылдарымды арнап сага ченебей. Жылт дей түшсө  карегиме  карегиң, Шүүдүрүмдөй бакыт  кулап  кенедей.   (…)

Читать далее »

«Улуу адамдын ролу мага тийгенине сыймыктанам..»

Автор akunova, September 13, 2014

Фильмде Алымбек Датканын ролун ойногон Азиз Мурадиллаев -Азиз, ошончо кишиден Алымбек датканын ролу сага тийгенине сенин пикириң кандай? -Кастинг болду, кѳп актерлор Алымбек Датканын ролуна сүрѳткѳ түшүп, видео сынактан ѳтүп жүрүшкѳн. Эң акыркылардан болуп кирдим. Мага Кокон хандыгындагы эшик-ачып-жапкан бирѳѳнүн (…)

Читать далее »

Бул сүрѳттү тарткан чебер ким эле?

Автор akunova, September 3, 2014

Билбейм неге түшүптүрмүн каткырып,Кѳргѳн кѳздү кубанычка азгырып.Жакшылыктан ачылгандай жаркыган,Сүрѳттѳгү кызды турам жактырып. Бир ѳмүргѳ бир жаралган бактыдай,Карегиңди карек менен тузактап.Күндүн нуру андан агып түшкѳнсүйт,Ай ааламды турган сымал кучактап. Менби, менби, мен экенмин чын эле,Бакытыма сыйбай турам тим эле.Бул ирмемди шап (…)

Читать далее »

Бакыттын бир тамчысы

Автор akunova, January 7, 2014

Бакыттын бир тамчысы…   Канчалык  мойнума албай тансам деле, Бактымдын бир тамчысы сен болчусуң, Жаныма жарык төккөн бир ирмемдин, Бир тамчы  нур шооласы сен болчусуң.   Ааламга жарык чачкан күндүн, айдын, Бир  сынык  шооласындай  жарык элең. Көркөмдөп көңүлүмө кубанч  бүрккөн (…)

Читать далее »

ТҮШТҮККӨ ТҮШКӨН КЕЛИН

Автор akunova, September 18, 2013

(уландысы) НАН ПАЛОО -Бүгүн нан палоо жасачы балам,-деди кайненем. Өмүрүмдө “нан палоо” дегенди жеп да, жасап да көрбөгөм. “Нан палоону кантип жасайт? ” десем мени таң кала карап туруп, күрүчтүн ордуна нан саласың, калганы ошондой эле,-деди кайненем. Андан ары суроо (…)

Читать далее »

Кызганыч(аңгеме)

Автор akunova, May 14, 2013

Күн ысык. Бишкектен жаңы гана келген Тынчтык үйгѳ киргиси келбеди. Анын үстүнѳ үйдѳ да эч ким жок экен. Балдары мектептен келе элек кѳрүнѳт. Саат алты болуп калса да негедир жубайы Каныкей  да иштен кайтпаптыр. Сѳрүдѳ эс алып турайынчы деп жамбаштап (…)

Читать далее »

Бейишке да алмашпаймын айлымды

Автор akunova, February 10, 2013

Айлым менин жөпжөнөкөй бир айыл, Башка айылдын бардыгына опокшош. Асманы ачык, топурагы, тоосу да, Өзгөлөрдүн айылына опокшош.   Апам, айлым, балалыгым чынжырдай, Бир-бирине байланышкан чырмалып. Алыс кетип, алыс, алыс жүрсөм да, Самай берем, сагынычтан кыйналып.   Мен эңсеген жөпжөнөкөй бир (…)

Читать далее »

Кантип чыдап мени таштап кеттиңиз?

Автор akunova, January 24, 2013

Өмүр тилеп, бакыт тилеп сиз мага, Тынч албастан түн уйкудан кечтиңиз. Жетимсиреп калат дебей апаке, Кантип чыдап,  мени таштап кеттиңиз?   Жашык кызым, менсиз кантип жашайт деп, Ойлобостон кантип таштап кеттиңиз? Сиз жок мага аалам күүгүм экенин, Билип туруп кантип (…)

Читать далее »