“Түндүктүк келин”-“Түштүккө түшкөн келинби?” же талашка түшкөн аңгеме

Автор: akunova, Март 19, 2014

IMG_3751«Түштүккө түшкөн келин» -бул аңгемени жазууга  менин  Түштүккө келин болгондогу окуяларым түрткү болгон эле.  Адегенде өз окуяларымды, анан   түштүккө түшкөн бардык келиндердин окуяларын чогулта баштагам. Аңгемемдин алгачкылары   «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин» аттуу  китебимде жарык көргөн.  Менин аңгемемди менин “Кызгалдак” аттуу блогумдан, «Facebookтан”  окугандар  аңгеме кызык экенин,  абдан күлүшкөнүн айтышып, көптөгөн каттарды жазышкан. Себеби аңгемем 2011-жылы жазылып, адегенде “Кыргыз Туусу” гезитине берсем, албетте анда аты, жөнүмдү жазбай эле редакторго карап көрүңүзчү деп таштап кетсем менин бир коллегам өз атынан гезитке чыгарып жиберип, анда бир чуру-чуу түшкөнбүз.Андан соң  бул аңгеме 2012-жылы жогоруда аталган китепте, анан «Facebookто”  жарык көргөн. Анан жакында эле курбуларым  сенин аңгемеңди  “Түндүктүк келин”  деген кинодон көрдүк, сен өзүң бердиң беле,  “Үйдү айланып чуркаганың”, “Эшик шыпырганың”, “Нан үзгөнүң” сеники дешти. Мен абдан таң калдым. Кантип эле автордон сурабай туруп  бирөөнүн чыгармасын  бирөө пайдалансын деген ой келди. Бул кинонун продюсерин таап, “Иним, менин аңгемемди киноңдо пайдаланыпсың да,  бир ооз сурап койбогонуң кандай, мен сени сотко берсем азыр утам”,-дедим. Ал жаш бала экен,  “эже, ал окуялардын бирөөнү, так айтканда “Нан үзгөндү” менин окуям деп бирөө  айтып берди эле, ал эми  үйдү айланганды жана  эшик шыпырганды кызык окуя экен деп бирөө  “Facebookто” жөнөттү эле. Анан мен ал окуяларды  киномдо пайдалангам.  Ушул окуялардын автору ким экенин издеп жүрөм деп  радиодон  интервью бергем,-деп айтты,-кинонун продюсери Ырысбек Жабиров. Эртеси Оштун филармониясында  кинонун  жүз ачары болуп жатканын айтып, жүз ачарына чакырды. Кино  менин аңгемем менен башталды. Түндүктүн кызы Түштүккө  келин болуп келгендеги окуя,  кызды  жубайы тамашалап, үйдү айланып чуркайсың дегени, кыздын үйдү айланып чуркаганы, келиндин нан үзгөнү, айтор  менин аңгемемдеги үч окуя бул кинонун  өзөктүү  негизин түзүп турат. Туура,  кинодо аңгемеге  айрым кошумчалар да бар. Күлкүлүү окуялар автор тарабынан да кошумчаланган. Жок, мен бул кинонун тартылышына каршы эмесмин. Кино абдан күлкүлүү тартылган. Кино  Түндүк менен Түштүктү жакындатуу, элибиздин ынтымагын чыңдоо  максатында тартылган. Окуялар абдан күлкүлүү  берилген. Окуянын каармандары дагы жакшы ойношкон. Мени өкүндүрүп турган нерсе менин аңгемемдин негизинде тартылган кинодо менин дайын -дарегимдин жоктугу, кино тарткандардын менин аңгемемди менден бир ооз сурабай туруп тасмага тартып алгандыгы болуп турат. Биз авторун таппай койдук деген сөзгө албетте, эч ким ишене албайт. Бул окуяларды же “Facebookтан” же китептен алышты да бирөөлөр. Ал эми бул булактарда  аты, жөнү жок  чыгарма жарыяланбайт. А эгерде кинонун авторуна бирөө айтып берген болсо эгер, ал деле менин чыгармамды  жогоруда аталган булактардын бирөөнөн окуп алып, анан айтып берген. Айтор мындай жалпы журтка таанымал болуп калган чыгарманы  менчиктештирип алууга  эч кимдин укугу жок деп ойлойм.

Ырысбек экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшүп  сүйлөштүк деп ойлойм. Ырысбек “Кинонун жарымы  сиздин аңгемеңиздин негизинде тартылган соң, мен сизди “Кинонун  тең автору” деп жаздырайын, сиз кинонун тең автору болуңуз” деди. Мен да бул сунушту туура деп таптым. Ырысбек бул сунушту чын айттыбы, же мени сооротуп коеюн,-дедиби, айтор  окуя мындан ары кандай нукта кетээрин мезгил көрсөтөөр.

                                                                                       Жыпар Акунова,

                                                    “Түштүккө түшкөн келиндин” автору

Кааласак да, каалабасак да Мырзакматов тарыхта калды

Автор: akunova, Январь 7, 2014

 

фотоМ (2)  Мелис Мырзакматов кайра шайланабы билбейм, бирок чындыкты айтуу парзым деп эсептейм

Ош шаарынын мэрин шайлоо 15-январга белгиленди. Алдыдагы шайлоо кандай болоор экен деп кооптонгондор арбын. Ош шаарында Мелис Мырзакматовду  сыйлагандар, анын эмгегин, чечкиндүүлүгүн  баалагандар көп. Башка жетекчи деле Мелистей иштемек деп, ага болгон элдин урматын  моюнга алгысы келбегендер, көралбагандар да жок эмес. Анда сөз башынан болсун.

Мелис Мырзакматов Ош шаарына мэр болуп шайланганда  ар кандай сөздөр айтылган. Мамлекеттик кызматта иштебеди эле, кандай болоор экен деп алыстан сынап тургандар көп болгон. Бирок Мырзакматов шаардын жетекчиси болгон күндөн ишти тың баштады. Соттошуп кетет дебей, коркпостон туруп  Зайнабединов көчөсүнүн  жээгин тазалады. Базардын тегерегин ирээтке келтирди. Туура, соттошкондор болду, чычалагандар андан да көп болду. Ак-Бууранын боюн тазалады, коркпой туруп  көпүрөлөрдү алдырды. Көчөлөрдү кеңейтиш кандай кыйынчылык менен болгонун баарыбыз көрүп турдук. Жаңы көчөлөрдү куруш оңой болгон жок. Ош шаарына  эстеликтердин эмне кереги бар эле,-дегендер  көп болду. Бирок шаарга кире бериш  дарбазаларга  заңгыраган айкелдер орнотулуп, Бишкектен Ошко кире бериштеги дарбаза оңдолуп,  Ош шаары  сөз жүзүндө гана эмес, иш  жүзүндө да жаркырап Түштүк борбору деген аталышка жооп берип, жакшынакай болуп калганын бир гана Оштуктар эмес, сырттан келгендер да айтып жүрүшөт. Мырзакматов ошол айкелдерди, жаркырап шаарды жарык кылган  шамдарды  ала кеткен жок. Жаркырап, Оштун көркүн арттырып  турат.

Толугу менен

Бакыттын бир тамчысы

Автор: akunova, Январь 7, 2014

Бакыттын бир тамчысы…

 

Канчалык  мойнума албай тансам деле,

Бактымдын бир тамчысы сен болчусуң,

Жаныма жарык төккөн бир ирмемдин,

Бир тамчы  нур шооласы сен болчусуң.

 

Ааламга жарык чачкан күндүн, айдын,

Бир  сынык  шооласындай  жарык элең.

Көркөмдөп көңүлүмө кубанч  бүрккөн

Таптаза наристедей шайыр элең.

 

Булактын тамчысындай  мөлтүр аккан,

Сен дагы, өзүм деле мөлтүр элек.

Бактылуу күндүн баркын сезбей калган,

Анда биз бактылуу элек, бактылуу элек.

 

Өмүргө  жарык төккөн бир ирмемдин,

Бир тамчы  нур шооласы сен болчусуң.

Жалгыз  күн  бүт өмүргө азык болгон ,

Бактымдын бир тамчысы сен болчусуң,

 

 

ТҮШТҮККӨ ТҮШКӨН КЕЛИН

Автор: akunova, Сентябрь 18, 2013

(уландысы)

НАН ПАЛОО

-Бүгүн нан палоо жасачы балам,-деди кайненем. Өмүрүмдө “нан палоо” дегенди жеп да, жасап да көрбөгөм. “Нан палоону кантип жасайт? ” десем мени таң кала карап туруп, күрүчтүн ордуна нан саласың, калганы ошондой эле,-деди кайненем. Андан ары суроо узата алган жокмун. Сурайын десем үйдө башка эч ким жок. Кайненемден кайра-кайра сурай бергенден тартындым. Эжеме телефон чалып, “нан палоо жасаганды билесизби?” десем андай палоону сенден биринчи угуп атам, кайненеңден сурап албайсыңбы?,-деди. Эмне болсо ошо болсун,-дедим да, этти, сабиз, пиязды кууруп, суу куюп койдум. Ал бышып атат. “Бул нандан палоо жаса” деген үкөктү карасам тууралып, кургатылган нан көп экен. Нандан табакка салып алып, күрүчтү уюткандай жылуу сууга салып коюп, бир убакта келип карасам наным сууга эзилип, эрип кетиптир. Наным жок. Толугу менен

Кызганыч(аңгеме)

Автор: akunova, Май 14, 2013

Күн ысык. Бишкектен жаңы гана келген Тынчтык үйгѳ киргиси келбеди. Анын үстүнѳ үйдѳ да эч ким жок экен. Балдары мектептен келе элек кѳрүнѳт. Саат алты болуп калса да негедир жубайы Каныкей  да иштен кайтпаптыр. Сѳрүдѳ эс алып турайынчы деп жамбаштап жатып калды. Кѳзү бир аз илиип кеткен экен. Кобур-кобурдан ойгонуп кетти. Ортону бир гана дубал бѳлүп тургандыктан кошунасынын сѳздѳрү даана угулуп турчу. Анын үстүнѳ  Азаматтын үнү бийик болгондуктанбы, акырын сүйлѳгѳн сѳзү деле угулат.  Кыйшайып жаткан Тынчтыктын кулагына «Кара жанымды чабайын, каралдым, берекем, Каныкейим, менин эркетайым, жароокерим, садагаң болоюн Каныкейим»,-деген сѳздѳр жаңырып угулду. Уккан кулагына ишенбей  дагы тыңшады. «Каныкейим» деген сѳздѳр ѳчѳшкѳнсүп, жаңырып угулат.  Эмне кылаарын билбеген Тынчтык итатайы  тутулуп, ордунан кандай ыргып турганын билбей калды. Каныкей кайда десе Азаматтыкында турбайбы, Азаматтын үйүндѳ баласы, келини, балдары, аялы дайыма болчу эле.

Балким баары бир жакка кетишип, Азамат Каныкейди киргизип алган  турбайбы. Каныкей мени Бишкекте деп ойлоп жатса керек да. Эмне эле  «Сенин келинчегиң мыкты»,-деп калат десе менин  катыныма кѳз артып жүргѳн турбайбы,  бир ойлоп койдум эле, кѳрсѳ мандем бар экен да, сени шашпа, аз-зыр энеңди таанытпасам элеби, азыр шермендеңерди чыгарбасам элеби, экѳѳң тең бул дүйнѳгѳ келгениңерге бушайман болосуңар, аз-з-зыр,-деген Тынчтык эмне кылаарын билбей, колдору тырышып, калчылдап кетти. Дубалдын ары жагында дагы  эле Азаматтын Каныкейге жалынып, жалбарган сѳздѳрү угулуп турду. Каныкей да бир нерсе дейби деп тыңшаса жымжырт.

Толугу менен

Бейишке да алмашпаймын айлымды

Автор: akunova, Февраль 10, 2013

Айлым менин жөпжөнөкөй бир айыл,

Башка айылдын бардыгына опокшош.

Асманы ачык, топурагы, тоосу да,

Өзгөлөрдүн айылына опокшош.

 

Апам, айлым, балалыгым чынжырдай,

Бир-бирине байланышкан чырмалып.

Алыс кетип, алыс, алыс жүрсөм да,

Самай берем, сагынычтан кыйналып.

 

Мен эңсеген жөпжөнөкөй бир айыл,

Кыялымда, жүрөгүмдө  жашаган.

Сени эстесем балалыкка кездешип,

Балалыктын деми менен жашарам.

 

Мага өзгөчө, өзгөчөдөй туюлчу,

Ай чыкканда жаңы гана жаңырып.

Эмнегедир айылыма тартылам,

Куса болуп, балалыкты сагынып.

 

Айлым менин кадимки эле бир айыл,

Башкалардан айырмасы азыраак.

Кереметтей сулуулугу, кооздугу,

Карегимде тасма сымал тартылат.

 

Жылдар сурап  турса дагы жашымды,

Самайм, эңсейм туулуп өскөн айлымды.

Ал айылда неге десең мен чоңойгом,

Бейишке да алмашпаймын айлымды.

 

 

 

Кантип чыдап мени таштап кеттиңиз?

Автор: akunova, Январь 24, 2013

Өмүр тилеп, бакыт тилеп сиз мага,

Тынч албастан түн уйкудан кечтиңиз.

Жетимсиреп калат дебей апаке,

Кантип чыдап,  мени таштап кеттиңиз?

 

Жашык кызым, менсиз кантип жашайт деп,

Ойлобостон кантип таштап кеттиңиз?

Сиз жок мага аалам күүгүм экенин,

Билип туруп кантип таштап кеттиңиз?

 

Кимге эркелейт, кимге сырын айтат деп,

Кылчактабай кантип таштап кеттиңиз?

Небереңдин укпай туруп күлкүсүн,

Апакебай, кантип чыдап өчтүңүз?

 

Ыйлап  турсам боздоп-боздоп, эчкирип,

Көзүң ачпай,  кантип чыдап жаттыңыз?

Бул ааламга жалгыз таштап өзүмдү,

Бул өмүрдөн мынча эрте кайттыңыз?

 

Көңүлүмдүн  баары сынып бычырап,

Көөдөнүмдү өрттөп турат жалганай.

Сенин ордуң  толтура албайт эми эч ким,

Аттиң арман, аны кимге айтам ай…

 

(Апам Сабира ааламдан өткөндө)

Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым…

Автор: akunova, Январь 22, 2013

Жаңы ачылган жоогазындай алоолоп,

Көзгө өтө сүйкүмдүүсүң ай кызым.

Мен өзүмдү көрүп турам өзүңдөн,

Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым.

 

Таң аткандай жарык түшүп сен тарап,

Тиктеп-тиктеп көркөмүңдөн көз талат.

Шилекейин тарталышпай боз балдар,

Ширин-ширин шыпшынышат бир карап.

 

Апкаарышып батына албай өзүңө,

Тик карабай телмиришип көзүңө.

Имерилип, не кылаарын билишпей,

Кошоматты кош айтышат өзүмө.

 

Жаштыгың бар, тал чыбыктай чырагым,

Андан ашат сулуулугуң, чырайың.

Акылдуу бол, намыскөй бол көлөкөм,

Мен Теңирден сенин бактың сурайын!

 

Үйүбүздү шаңга, нурга бөлөгөн,

Перисиңби, ананайын ай кызым?

Жаңы ачылган гүлдүн баары сага окшош

Көз тийбесин, аман жүрчү жан кызым!!!

Кыйсыпыр ай, кыйсыпыр

Автор: akunova, Январь 16, 2013

Барган жерден чуу чыгып,

Батпайсың да кыйсыпыр.

Байыртадан келаткан,

Башкаларды көралбас,

Адатың да, кыйсыпыр.

 

Кытмыр күлкүң кытмыйып,

Ичиң кара кыйсыпыр.

Курбу болуп калп эле,

Кубуласың калтардай.

Жүзүң кара кыйсыпыр.

 

Жөлөп, таяп калп эле,

Тамырларын тааныштын.

Табасың да кыйсыпыр.

Тагдырына бирөөнүн,

Карасың да кыйсыпыр.

 

Жүрөгүңдө кенедей,

Адал ой жок кыйсыпыр.

Жер жүзүндө сенчелик,

Уусун чачкан заар жүрөк,

Жылаан да жок кыйсыпыр.

 

Кыйсыпыр ай, кыйсыпыр!

Бактылуудан бактылуу элем анда мен

Автор: akunova, Январь 10, 2013

 Өтө ысык сүйүп туруп, сүйө албай,

Себеби бар сен түшүнүп, түшүнбөс.

Карегиңе коно калса капалык,

Буткүл дүйнө кеткен сымал чайпалып.

 

Түгөл өмүр колдон түшүп кеткенсип,

Сен көңүлсүз жүрсөң  ооруп жүрөгүм.

Кайсыл күнү ачык болсо кабагың,

Ошол күндү бакыт сезип жүрөмүн.

 

Кучагыма сыйдыра албай бактымды,

Бактылуудан бактылуу элем анда мен.

Бир кездеги алоолонгон сезимдин,

Деми менен жашаганым сезбе сен.