ТҮШТҮККӨ ТҮШКӨН КЕЛИН

Автор: akunova, сентября 18, 2013

(уландысы)

НАН ПАЛОО

-Бүгүн нан палоо жасачы балам,-деди кайненем. Өмүрүмдө “нан палоо” дегенди жеп да, жасап да көрбөгөм. “Нан палоону кантип жасайт? ” десем мени таң кала карап туруп, күрүчтүн ордуна нан саласың, калганы ошондой эле,-деди кайненем. Андан ары суроо узата алган жокмун. Сурайын десем үйдө башка эч ким жок. Кайненемден кайра-кайра сурай бергенден тартындым. Эжеме телефон чалып, “нан палоо жасаганды билесизби?” десем андай палоону сенден биринчи угуп атам, кайненеңден сурап албайсыңбы?,-деди. Эмне болсо ошо болсун,-дедим да, этти, сабиз, пиязды кууруп, суу куюп койдум. Ал бышып атат. “Бул нандан палоо жаса” деген үкөктү карасам тууралып, кургатылган нан көп экен. Нандан табакка салып алып, күрүчтү уюткандай жылуу сууга салып коюп, бир убакта келип карасам наным сууга эзилип, эрип кетиптир. Наным жок. Эмне кылаарымды билбей, бир аз ойлондум да, күрүчтү уюта салдым. Эрип кеткен нандын үстүнө нандан туурап туруп, акырын эч кимге көрсөтпөй итке куюп бердим. Ошентип менин күрүчүм кеч уюп, палоом кеч бышты. Кичирээк балдар уктап да калышты. Табакка салынган ашты дасторконго койгондо кайненем таң калып: “Нан палооң кана?” деди. Мен Тилек нан палоону жегим келбей атат, андан көрө аш жасачы дегенинен күрүч палоо жасадым,-дедим. Тилек менин бир балээ жасаганымды билип, унчукпай, мыйыгынан күлүп аштан сугунуп отурду.

ЭЧКИ СААГАНДА

Эчкини сааганды көрмөк тургай, бала кезимде эчкинин өзүн чанда көрчүмүн. Жайлоодо кайнатамдардын эчкилери көп экен.Бир күнү кайненем ооруканага жатып калды. “Эчки саай аласызбы?,-дейт кайним. Апам анда-санда бир жактарга кеткенде уй саачумун. Эчки уйга караганда кичине эмеспи деген ойдо “Саайм”,-дедим сыр бербей. Эки кайним эчкини кыймылдатпай кармап турушат. Мен уй саагандай эчкинин капталына отурдум. Кайним “Жеңе, эчкини артынан саайт” дейт. Эчки дагы менин шаардан келгенимди, эбим келбей жатканымды билдиби, айтор кыйла саап алган сүтүмдү тепкилеп төгүп салды. Ызаланып турсам да сыр бербей, кайра дагы саай баштадым. Өчөшкөнсүп эчким чакама бутун салып алса болобу! Дагы деле билгизбейм, чакамды жууп алып, дагы кайрадан саап кирдим. Бул жолу мына сага дедиби, чакамды булгап жиберди. Ошондо эчкиге аябай жиним келгенин азыр да айтып бералбайм.

 СӨЛӨКӨТТӨН КОРККОНДО

 Түнүсү эшикке чыкчу эмесмин. Караңгыда тегеректеги тоонун боорлорундагы арчалар бирөө басып келаткандай коркунучтуу көрүнчү. Бир күнү аябай эшикке чыккым келди. Колумда кол чырагым бар. Там артына бурула берсем эле бир караан турат. Байкасам бир нерсе шамалга учуп кыймылдайт, жоолук экен. Кол чырак менен жакшылап карасам көз алдымда бир буттуу аял мени көздөй басып келаткандай көрүндү. Кандай кыйкырып, үйгө чуркап киргенимди да билбейм. Үйдөгүлөрдүн баары ойгонуп, мени тегеректеп калышты. Коркконумдан эч нерсе айтып бералбайм. “Бир буттуу аял, бир буттуу жоолукчан аял” дей бериптирмин. Кайнатам эшикке чыкса коңшулардын бардыгы чогулуп келишиптир. Кыйладан кийин өзүмө келе баштаганда кайненем “Катыгүн, эмне болду?” дейт. Үйдүн артынан бир буттуу аял көрдүм,-дедим. Кайнатам барып караса буудайга чымчык жолобосун деп эски көйнөктү кийгизип, башына жоолук байлап койгон каракчы экен. Эртеси кайнатам баягы каракчыны алып таштады.

КАЙНАГАМДЫ ТЕРГЕГЕНДЕ

Үйдө кир жууп отурсам бир киши келип кайнагамды сурады. Алар жеңем экөө тең Карышкыр деген кишиникине барабыз, андан ары Кузгундукуна барабыз дешкен,-дедим. Тигил киши мени оңтойсуз карап алып, мейли анда деп кетип калды. Мен өзүмчө аттары кызыкча экен деп коюп киримди жууй бердим. Көрсө жеңебиз Бөрү аттуу кайнисин –Карышкыр, Карга деген кайнисин Кузгун деп тергейт экен. Баягы келген киши ошол Бөрү кайнагабыз болот экен. Үйүндө отурган жеңеме жаңы келиниңи да Карышкыр деп тергегенди үйрөтүп атыпсың деп таарыныптыр. Анан жеңем аш басып алдыңа түшөйүн деп кайнисинин таарынычын зорго жазыптыр. “Кокуй, сен аларды антип айтпа, мен тамашалашып эле ошентип тергеп коем, келиниңди да Карышкыр дедиртип атыпсың деп таарынып, өлүп кала жаздады”,-дейт. Мен аларды тааныбасам кайдан билейин, мындан ары аттарын айтпай эле коеюн дедим.

МААСЫ

Бизде жаңы келин маасы кийиш керек балам деди кайненем. Мен каршы болгонум жок. Бул жактын салты ошондойбу, демек аткарыш керек деп ойлодум. Келин болуп барган күндөн Бишкекке кеткиче маасы галошту чечпей кийип жүрдүм. Мен кышында келин болуп баргам да, мага анча деле ыңгайсыздык сезилген эмес. Тетирисинче жылуу болуп, бутум жылуу жүргөн. Бирок кийин менин кайын-журтумдун кимиси келин алышса да маасы кийгизишиптир. Бир келинибизди жайында алып келгендиктен ысыкта маасы кийбейм десе киесиң эле, биздин Бишкектен келген келинибиз деле маасы галош кийип жүргөн, сен каяктан чыгыптырсың дешкен экен, ысыкта жүдөп маасы кийип жүрдүм жеңе, сиз каяктагыны баштагансыз дейт. А мен кайдан билейин, маасы кийиш керек дешти, салты ушундай турбайбы деп кийдим да десем күлүшөт. Сиз баштап коюп, азыр эми баарыбызды зордоп маасы кийгизип атышат деп калышат.

АНЖИРДИ КӨРГӨНДӨ

 Ош шаарына кайра каникулда жер-жемиштер бышып турган мезгилде бардык. Анжирди көрдүң беле деди жолдошум. Жок, ал эмне дедим мен. Ал “ышкырык” деди күлүп. Жан жагыбызда коондой сапсары, эзилип кеткенге окшогон чоңдугу шабдаалыдай бирок жалпак, жалпак бир нерселерди чарага тизип алып сатып отурган аялдын жанына алпарды. Баягы сапсарыдан 20 даананы сатып алып, чоң жалбырактын бетине салдырып, ошол аялдын жанындагы столго коюп берди. Сен жеп тур, мен үйгө аны-муну алып келе коеюн, мен келгенде жейм деди. Жейин деп колума алсам былжыраганынан ирээнжий түштүм. Ичинде куртка окшогон бир нерселер жүрөт. Курттап кеткен турбайбы деп бирден ичин карап, жакын жерде турган таштандыга таштай берип, баарын ыргытып жиберипмин. Бир аздан кийин келген Тилек таң калып, баарын жеп койдуңбу, дейт. Жок, баары курттап кетиптир, ыргытып жибердим дедим

-Ой-ба-ай, Түндүктүн кызы, ал анжир деген болот, анын ичинде ошондой майда тамырчалары болот, деп кайра дагы сатып келди. Жеп көрсөм укмуш таттуу болот экен. Дагы сатып берчи деп кө-өп саттырып алып, Тилектин айылына жеткенче жеп бардым. Азыр да жакшы көрөм. Анжирди биринчи көргөндөгү жоругумду эстесем азыр да күлөм.

комментария 3

Оой Жыпара эже, тундуктуктор айткандай боорумду, туштуктуктор айткандай ичимди эздиниз го. Куло берип жаагым карышып калмай болду. Чыгармачылыгыныз артып, калеминиз мокобосун. бар болунуз!

Автор: aisalkyn, дата: Четверг октября 10th, 2013 17:30. Ответить #

Окуп буткончо аяббай куло берип ичим ээзилип калды. Жумуштан маанайым жок келип маанайымды кокко которду. Абдан кызык окуя экен..

Автор: Бакыт, дата: Вторник января 28th, 2014 13:27. Ответить #

Менин жакшы корг0н 4 д0сторум бар. Алар м.н кундуго чогу журом.

Автор: Мариям, дата: Понедельник марта 10th, 2014 10:01. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.