Архив рубрики “Ырлар” category
Турмуш сен-жандырмаксыз табышмаксың…
Автор akunova, декабря 10, 2012
Эртеңдериң дарексиз да, дайынсыз, Турмуш сен – жандырмаксыз табышмаксың. Колума тамчы болуп тамса бакыт, Бүркүттөй шукшурулуп илип качтың. Жомоктой кереметтүү жан-дүйнөмдүн, Тынымын өчүң бардай (…)
Мөлт деп агып түшчүдөй
Автор akunova, октября 12, 2012
Көз тийбесин Кубанчыма, бактыма, Жамалыңа Тиктегенден талбайм да. Карегиңдин Кумарына капырай Карай берип, Дегдей берип, канбайм да. Жүрөгүм да Бул көөдөнгө сыя албай Элирет да (…)
Буйрубаган бакытым
Автор akunova, октября 10, 2012
Теңир сени өзүмө ыраа көрбөптүр, Тагдыр мага буюрбаган бакытым. Мен ийилген сайын өйдө бийиктеп, Мен талпынган сайын өтө алыссың. Бүт өмүрүм жетээр бекен өтүүгө, Жүрөгүңдү (…)
Баёо болсо менче болсочу…
Автор akunova, октября 6, 2012
Канча жылды бекер уттуруп, Кайыгыпмын сени күтүүдөн. Алоолонгон оттун боюнда Азыр дагы денем чымырап, Жылый албайм ошол үшүктөн. Эселектик менче болсочу, Өзүмдү-өзүм чокко салыпмын. Ызаланып, (…)
Мен сенсиз…
Автор akunova, сентября 29, 2012
Мен сенсиз жашап жүрөм жашай албай, Бир үмүттү көпөлөктөй айланып. Жетпей келем талпынып сен тарапка, Өткөн күнгө наристедей алданып… Бекинип канча жылдын далдаасынан, Ошол күндөр (…)
Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…
Автор akunova, сентября 25, 2012
* * * Кирпигиңдин бир талына илинип, Көз нуруңа байланганым сезбепмин. Жүрөгүндө жашап жүрүп байкабай, Жүрөгүңө барчу жолду издепмин… * * * Бир өмүр да (…)
Күчтүүрөөк экен бул тагдыр
Автор akunova, сентября 23, 2012
Алдыңды тороп бастырбай, Эркиңди сынайт бул тагдыр. Байлыкты төгүп жолуңа, Алкыңды сынайт бул тагдыр. Дөөлөт берип чирентип, Акылың сынайт бул тагдыр. Мээнет артып мойнуңа, Күчүңдү (…)