«Кылымдар бою жашай турган идея…»

Автор: akunova, September 13, 2014

20140902_135025

   Курманжан Датка фильминин башкы продюсери, Курманжан Датка  фондунун тѳрайымы, КР ЖКнин депутаты Жылдыз Жолдошева

  – Жылдыз Айтибаевна, айтсаңыз, бул  кино сиздердин фонддун буюртмасы менен тартылдыбы?

-Буюртмасы дебейли, Курманжан Датка фондунун 7 долбоору бар эле. Ошол 7 долбоордун бири ушул фильм. Биринчиси почта маркасын чыгаруу (дүйнѳ жүзүнѳ таркагыдай кылып), экинчиси-Курманжан Датка тууралуу китептерди чыгаруу, үчүнчүсү-Бишкекте Датка энебиздин эстелигин тургузуу, тѳртүнчүсү-балет, бешинчиси-Курманжан Датка энебиздин басып ѳткѳн жолу боюнча даректүү тасма тартуу, анан ушул тарыхый, улуттук кѳркѳм фильмди тартуу, алтынчысы- Ысык-Кѳлдүн  жээгинде Курманжан Датканын комплексин куруу, жетинчиси-Курманжан Датканын  басып ѳткѳн жолу боюнча үй музейин  Бишкек шаарында куруубуз керек эле.

Мына ушул 7 долбоордун 6 долбоору бүттү. Эки долбоорун Кыргыз  Республикасынын Ѳкмѳтү  колдоду. Биринчиси ушул кѳркѳм тасма, экинчиси Курманжан Датка атындагы комплекс.  Бирок бул комплекс  абдан чоң идея менен курулду. Ал жерде кыргыз элинин басып ѳткѳн жолу боюнча 1917-жылга чейинки тарыхты, андан кийинки совет доорун, анан эгемендүүлүк мезгилди камтыган үч  кабаттуу  музей салынып бүттү, буюртма берген турак жай жана коммуналдык курулуш боюнча агенттиги болду. Бизден идея чыкты, ѳкмѳт колдоп, комплекс  салынып бүтүп калды. Бул кылымдарга кала турган  идея. Ал эми бул улуттук тарыхый кѳркѳм тасма кыргыз эли байыркы тарыхы бар эл экенин, кыргыз баш ына иш түшкѳндѳ биригип кеткен намыстуу эл экенин,  эгемендүүлүккѳ, мамлекеттүүлүккѳ жетүү үчүн ата-бабалар кандай күрѳшүп келгени биздин кийинки муунга сабак болушу керек. Биздин элдин салт-санаасын, үрп-адатын, ынтымакты, биримдикти чыңдоону ушул фильм аркылуу кѳрѳсүздѳр.  Жаштарга мекенчилдикти, ѳлкѳнү ѳзгѳчѳ сүйүүнү, биримдикти, бѳлүнбѳѳнү, бир сѳз менен айтканда кыргыздын нукура тарыхы менен мүнѳзүн кѳрсѳтѳ алдык  деп ойлойм. Мен эл-журтка, ѳкмѳткѳ, Президентке,  парламентке ушул долбоорду колдоп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем.

Эң башкысы-Садык Шер-Нияз баштаган чыгармачылык топко ыраазылык билдирем.

Один комментарий

Жылдыз жолдошова ото мыкты аял затынын катарын тоолуктайт, ишинизге ийгилик, сизей кыздар коп болсо экен, кыргызымда!

Автор: Фатима, дата: Monday February 23rd, 2015 08:53 AM. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.