Оо, Ысык-Көл, кереметиң керемет

Автор: akunova, декабря 27, 2012

Оо, Ысык-Көл, кереметиң керемет,

Перидейсиң  он сегизге келе элек.

Толкундарың тосуп чыгып аймалап,

Амандашып, башын иет чөгөлөп.

 

Жан дүйнөмдү удургутуп бир сезим,

Көл ичинде жалын болуп жагылып.

Наристедей толкундарга бой урам,

Келгенимде мен көлүмдү сагынып.

 

Кытыгылап кыялымды бир сезим,

Толкундарга саамайларым өбүлүп.

Кочушумда көк кашка суу мөлтүрөп,

Көз ирмемде салаалардан төгүлүп.

 

Түндө көлгө баргансыңбы, мемиреп,

Ай жаркырап көлдө жатат төгүлүп.

Анда-мында жымың, жымың чачылып,

Жылдыз дагы көл түбүнөн көрүнүп.

 

Таң атканын көргөнсүңбү агарып,

Көлгө күндүн шоолалары төгүлөт.

Көлдү сүйүп, анын сырын билгендер,

Таңкы көлгө таң атаарда чөмүлөт.

 

Оо Ысык-Көл, касиеттүү Ысык-Көл,

Чалкып кээде, кээде толкун тараган.

Кереметиң келишкен бир чүрөксүң,

Кыргызымдын маңдайына жаралган.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.