Кыргызды бала багып…

Автор: akunova, января 8, 2013

Кылчылдап, кыштын күнү суукка тоңуп,

Базарда наристебиз сагыз сатса.

Кыргызды аял багып, бала багып,

Чайпалып, эркектери оонап жатса.

 

«Алып кет эжекебай» деген бир сөз,

Жүрөгүң талам-талам тилип кетээр.

Үшүгөн жаш баланын жалдырашы,

Сөөгүңдөн чучугуңа өтүп жетер.

 

«Өтүгүң майлап бере коем»,- десе,

Өңгөчүм үзүлгөндөй денем дүр дейт.

Өзгөнү коелучу, калайык-журт,

Өз бала, өз тагдырдын камын ким жейт?

 

«Садага берип кетчи эже» десе,

Садагадай миң бүлүнүп чачылам.

Колун сунган жаш баладан уялып,

Кийиминин жыртыгына жашынам.

 

Тиктебейин десем көзгө сайылып,

Көйнөгүнүн көзөнөгү төгүлөт.

Кимдин көөнү бир зырп этип албаса,

Анын жаны анык таштан көрүнөт.

 

Быйтыйган колу тоңуп эпке келбей,

Балабыз балалыгын кошуп сатып.

Башкасын не кыласың айтып, нетип,

Базарда самын сатып, арын сатып,

 

Кыргызды  жаткан чагы аял багып,

Кыргызды жаткан чагы бала багып…

 

 

 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.