Бакыттын бир тамчысы
Автор: akunova, января 7, 2014
Бакыттын бир тамчысы…
Канчалык мойнума албай тансам деле,
Бактымдын бир тамчысы сен болчусуң,
Жаныма жарык төккөн бир ирмемдин,
Бир тамчы нур шооласы сен болчусуң.
Ааламга жарык чачкан күндүн, айдын,
Бир сынык шооласындай жарык элең.
Көркөмдөп көңүлүмө кубанч бүрккөн
Таптаза наристедей шайыр элең.
Булактын тамчысындай мөлтүр аккан,
Сен дагы, өзүм деле мөлтүр элек.
Бактылуу күндүн баркын сезбей калган,
Анда биз бактылуу элек, бактылуу элек.
Өмүргө жарык төккөн бир ирмемдин,
Бир тамчы нур шооласы сен болчусуң.
Жалгыз күн бүт өмүргө азык болгон ,
Бактымдын бир тамчысы сен болчусуң,
комментариев 5
ваша бегущая строка
Автор: nadur, дата: Понедельник января 13th, 2014 10:27. #
Помощь по тегам
Автор: nadur, дата: Понедельник января 13th, 2014 10:28. #
Помощь по тегам
Автор: nadur, дата: Понедельник января 13th, 2014 10:29. #
<a href="http://htmlka.com"
Автор: nadur, дата: Понедельник января 13th, 2014 10:29. #
Ваш текст
Автор: nadur, дата: Понедельник января 13th, 2014 10:32. #