«Сиз менин апамсызбы?»

Автор: akunova, декабря 11, 2012

(Өтүп баратып балдар үйүнүн дарбазасында жөлөнүп, күндө жол караган жылдыздуу кызды саамайынан сыласам ушинтип сурады эле)

 

Карегиңди кадап айнекке,

Телмиресиң күндө жол карап.

Үмүт болуп сага бир караан,

Талпындырып, сени азгырып,

Нурун чачып күйөт бир тарап.

 

Кирпиктериң сенин жазыксыз,

Мончок жашын төгүп себелейт.

Кыялыңды алыс учуруп,

Балалыктын таттуу жомогу

Апакеңе сенин жетелейт.

 

Кокусунан эшик ачылса,

Умтуласың шашып үмүттүү,

Унута албай койдум садага,

Сай сөөгүмдү мыкчып сыздаткан

«Апамсызбы?»-, деген сөзүңдү!

 

Бүгүн, балким болдуң бозала,

Күтө берип кечке апаңды.

Ичим түтпөй сени сооротуп

«Апаң келет» дегем аргам жок,

Апаң балким такыр келбестир…

 

«Апам болсо» деген кыялда

Бир адамды издей бересиң.

Сөөмөйлөрүң менен быйтыйган

Терезенин буусун өчүрүп

Өткөндөрдү тиктей бересиң.

 

«Келбейт энең» десе ишенбей,

Жылынасың жылуу көздөргө.

Анан издеп, издеп элеңдеп

Улутунуп кала бересиң

Жал-жал тиктеп коюп өткөнгө.

 

Бир энени күтүп жүрөсүң,

Нур жүзүңдөн жыттап сүйбөгөн.

Бир аялды күтүп жүрөсүң

Көздөрүндү сенин жайнаган

Жүрөк эзип тиктеп көрбөгөн…

 

Кокусунан эшик ачылса,

Умтуласың шашып үмүттүү.

Унута албай койдум садага,

Сай-сөөгүмдү мыкчып сыздаткан

«Апамсызбы?» – деген сөзүңдү.

 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.