Буйрубаган бакытым

Автор: akunova, October 10, 2012

Теңир сени өзүмө ыраа көрбөптүр,
Тагдыр мага буюрбаган бакытым.
Мен ийилген сайын өйдө бийиктеп,
Мен талпынган сайын өтө  алыссың.

Бүт  өмүрүм жетээр бекен өтүүгө,
Жүрөгүңдү жүрөк менен калкалап.
Алаксыйын деген оюм жайдак ой,
Чимирилтип алып кетет сен тарап.

Куюн үмүт кубалашып көңүлдө,
Уйгу-туйгу убайымга салат да.
Чарт үзүлсө деген тилек чачырап,
Чабалактап, бүт өмүрдү алат да!

Буйрук сени мага ыраа көрбөптүр,
Бакыттын да ченелгенин карачы.
Бешенеме буюрбаган адамым,
Тагдырыма түшүп турат арачы.

Тагдыр мага буюрбаган бакытым…

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.