Турмуш сен-жандырмаксыз табышмаксың…

Автор: akunova, December 10, 2012

Эртеңдериң дарексиз да, дайынсыз,

Турмуш сен – жандырмаксыз табышмаксың.

Колума тамчы болуп тамса бакыт,

Бүркүттөй шукшурулуп илип качтың.

 

Жомоктой кереметтүү жан-дүйнөмдүн,

Тынымын өчүң бардай бузасың да.

Талпынып, таруу сымал бакыт тапсам,

Таранчы болуп илип качасың да.

 

Төгүлгөн бариктери дарак сымал,

Күбүлүп, күйүп турсам өрттөйсүң да.

Жаркырап жазгы күндөй тийип турсам,

Жалындап, нуруң төгүп  өчпөйсүң да…

 

Дарбазаң ачык, жабык ким бирөөгө,

Тагдырым,  таалайымды таптырбассың.

Көз жумуп кетип калсам ээрчий баскан,

Турмуш сен – жандырмаксыз табышмаксың.

 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.