Айылым

Автор: akunova, January 3, 2013

Сыдырым жел аймалап нур жүзүмдү,

Айылым сен тараптан сагынч сунат.

Сүйдүрүп шүүдүрүмгө балтырымды,

Жыңайлак баягыдай кыткылыктап,

Саамайыма ак бантик байлап алып,

Шибериңде чуркагым келип турат.

 

Чуркагым келип турат кызыл кечте.

Жарышып өзүм кырдуу балдар менен.

Узатып тептегерек  кызыл күндү,

Ыза кылгым келип турат азыр дагы,

Жоош баланы ыйлаган далай менден.

 

Жапжашыл жазда куйган тентек жамгыр,

Жоктоп мени балким жашын төккөндүр.

Бейкапар ошол кечте мемиреген

Ак жолтой бешиктеги сиңдилерим

Жазда гүлдөп, жазда бойго жеткендир.

 

Жазда барам, дечү элем жазга окшоп,

Ак жаандай аппак көйнөк кийип алып.

Ошондо жамгыр төгүп, жамгыр ырдап

Турса  деп  балалыкты эске салып…

А  бирок барбай калдым ошол жазда,

Жигитин башка жактын сүйүп калып…

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.