Фильмдин режиссеру Садык Шер-Нияз: «70 миллион аз каражат…»

Автор: akunova, September 13, 2014

DIRECTOR SADYK SHER-NIYAZ

-70миллион сом бир кино үчүн кѳп каражат эмеспи?

-Тетирисинче, бул каражат Курманжан Даткадай чоң фильмди тартууга аздык кылат. Анын  10 млн. сомуна биз кино тартууга жаңы техникаларды сатып алдык. 10 млн. сому  пост продакшнга   тѳлѳндү. Калган  50 миллион сомго кино тарттык. Ушул жерде  бир кадр үчүн, Сулайман Тоону тартуу үчүн 2 кабат тамды курдурдук. Менин кесиптештерим айтышты, Ошко барып эмнеге курабыз, Бишкектин тегерегинде эле куруп койбойлубу дешти. Мен айттым, -Силер билесиңерби, ошол жерде жашагандар үчүн Сулайман тоонун бир кадрынын канчалык зарыл экенин, эл үчүн канчалык ыйык экенин түшүнѳсүңѳрбү,-дедим. Акыры куруп бүттүк.

Биздин оператор даңазалуу  Океев, Шамшиевдер менен  иштешип келген  Мурат Алиев болду. Алиевди казактар  10 миң доллар тѳлѳп иштетишет. А биз 10 миң сом тѳлѳп иштеттик. Бул менин биринчи дебюттук  ишим болду. Мен дагы  тынчым кетип, абдан толкундандым. Менин дагы кээ бир күндѳрү эмне кылаарымды билбей  отуруп калган учурларым болду. Ойлоп кѳрсѳңүз, 70 кишини  чогултуп алып, режиссер эмне кылаарын билбей отурса. Бир күндѳ ѳкмѳттүн миллион сом акчасы кетип атат. Ошондой учурда арка-бел болуп Акылбек Абдыкалыков турду. Ар бир лентаны кескилеп, жамап, ордуна коюп,  Алайдын кулуну Элдияр Мадахим иштеди. Экѳѳбүз тынбай талашып, тартышабыз. Бул бала жеткен патриот экен, менин чоң атам мындай болгон эмес деп улам эле тасманы башка кылып коет. Кой айланайын, бул жери мындай деп зорго оңдотом.

Анан албетте, кино актерсуз болбойт эмеспи. Анан  ал актерлорго кѳрүүчүлѳр  ишениш керек. Биз киного 3000 адам  чакырып,  анын ичинен тандадык. Анын  1000ге жакыны профессионалдар, актерлор. Калганын кѳчѳдѳн издедик. Каармандарыбызга окшош болсун, эл бир кѳргѳндѳ ишенсин  дедик. Алымбек Датканын ролун Азиз Мурадиллаев абдан  жакшы аткарып берди.

-Эң татаал роль Курманжан Датканын ролу болсо керек ээ?

-Эң татаал роль Курманжан Датканын  ролу болду. Бул ролду кинодо 4 актриса ойноду. Ошол тѳртѳѳ  бири-бирине билинбей  ѳтүш керек болду. Алардын баарында бири-бирине окшоштук болуш керек эле. Ушул  4 кишинин ролуна эле 500дѳн ашык киши сынакка катышты. Аягында Элина Абай кызы кыз кезин дагы, эң олуттуусу Алымбек датканы жоготкондон кийинки курагын дагы жакшы аткарып берди. Ал эми Элинанын монологу кыргыздын кино тарыхында далай ирээт кѳрсѳтүлѳт болуш керек. Албетте, кинонун эң кульминациялуу  учуру- Курманжан Датка Абдылдабектен ажырап, Камчыбегинин ѳлүм жазасына тике карап,  ошол жерде үн, сѳз жок турган жерин КР Эл артисти Назира Мамбетова келиштирип аткарып берди. Ош кыргыз драмалык, улуттук театрынын, ѳзбек драмалык театрынын артисттери  жакшы катышып беришти.

Киного тикесинен тик туруп, парламентте  кыйкырып жүрүп  каражат бѳлдүрүп алган, кыялы  дагы ачуулуу экен. Кѳп учурда экѳѳбүз чокушуп кеткен учурларыбыз болду. Пикир келишпестикке барган учурларыбыз да болду. Бирок ал кишини мен абдан сыйлап калдым. Бул биздин урматтуу айымыбыз, КР ЖКнин депутаты, Курманжан Датка фондунун тѳрайымы Жылдыз Жолдошева. Эки жыл мага ишенип, ишенбей, кинонун бүтүшүн менден да, башкалардан да тынбай сурай берип тынчыбызды алган мамкинонун директору Бектеналиевдин салымы да чоң.

-Кинону тартуу  учурунда кандай кыйынчылыктар болду?

-Кыйынчылык кѳп эле болду. Анын баары  иш бүткѳндѳн киийин артта калат турбайбы! Бирок эң негизги кыйынчылык-бул аба ырайы болду. Тоодо тартып жүрдүк. Тоого чыгабыз, жарым саат күн тийип, анан шатыратып жамгыр тѳгүп жиберет. Жамгыр токтойт деп күтсѳк карга айланат. Күтѳ берели, кийинкиге жылдыралы десек бир күндѳ 500 миң, 1 миллион сом кетип атат. Ошондой кыйынчылыктар болду. Бирок баары артта калды.

-Кичинекей Курманжандын ролун аткарган кыздын аты-жѳнү ким? Аны кайдан таптыңыздар?

-Лунара  Аясканованы Таластан таптык.

-Кинодо Элина ѳзү сүйлѳп аткардыбы? Себеби Элина орус мектепте окуган турбайбы?

-Үнүн Нурзинат деген кыргыз драмалык театрынын актрисасы кошту. Анткени Элинада бир аз акцент бар экен. Чочудук.

-Курманжандын ат чаап кутулуп  кеткен жерин ким аткарган?

-Элина ѳзү чапты.

-Элина ат чаба алат бекен?

-Ѳзү  ат багып жүрүп ат чапканды үйрѳндү. Себеби жакындан тарткан учурда ѳзү чабыш  керек эле. Ал эми алыстан  тартканда албетте, каскадерлор чабышты. Элина ѳзү чабам деди эле, мен болбой койдум.

-Анан Курманжан Датканын  ролун  4 адам ойноду дебедиңизби, тѳртүнчүсү ким?

-Лунара Аясканова-балалык кезин, Элина Абай кызы жаштыгын  жана баралына келген мезгилин, Назира Мамбетова токтолуп калган мезгилин,  ал эми Маннергеймге бата берген жерин Жамал Сейдакматова аткарды.

 KD_8

 

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.