Курманжан Датка Ошто ѳзгѳчѳ кабыл алынды

Автор: akunova, September 13, 2014

KD_12

Кайраты, сүрү, акылмандыгы менен  жумурай-журтка  белгилүү  болгон, кезегинде  элди  тынчтыкта, ынтымакта кармап турган, аялдан чыккан  Датка зайып, эне гана эмес, кыргыз элин  кыргындан сактап калган, эл тынчтыгын, биримдигин  ѳз кызыкчылыгынан, балдарынан да  ѳйдѳ  койгон, келечекти кѳрѳ билген   инсан, жетекчи катары эл оозунан түшпѳй, аты, заты  легендага айланган Курманжан Датка энебиз жѳнүндѳ кѳркѳм фильм тартылып, расмий жүз ачары болуп, азыркы мезгилдерде кино театрларда  кѳргѳзүлүүдѳ.

Тасманын Оштогу жүз ачаары Семетей кино театрында болуп, ага Кыргыз Республикасынын маданият министри К.Талиева, фильмдин башкы продюсери, КР ЖКинин депутаты,  Курманжан Датка фондунун  тѳрайымы Жылдыз  Жолдошева, режиссеру Садык Шер-Нияз, фильмдин башкы каармандары, Ош облусунун, Ош шаарынын жетекчилери катышышып, фильмдин тартылышы, кѳрсѳтүлүшү боюнча ѳз ойлорун айтышты. «Ушул рухий дѳѳлѳт баарыбызга кут болсун»  деди КРнын  маданият министри К. Талиева  ѳз сѳзүндѳ.

Садык Шер-Нияз  ѳз сѳзүндѳ –Бул фильмде кѳп ой бар экенине,  фильмди 2-3 ирээт кѳрүү  зарылдыгына токтолду. Датка энебиздин баласы Камчыбекти дарга асуу учурунда «Уулум, ажалга тик  кара!» деген сѳзү калып калыптыр деген пикирлер болушу мүмкүн. Бирок мен ал эпизодду атайын кошподум. Себеби Датканын уулу ѳлүмдѳн коркпош керек, ал апасынын сѳзүнѳ муктаж болбош керек. Ошон үчүн ал сѳздү кошподум,-деди Садык Шер-Нияз  ѳз сѳзүндѳ.

Фильмдин  режиссеру Садык Шер-Нияз менен  маектештик

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.