Кыргызды бала багып…

Автор: akunova, January 8, 2013

Кылчылдап, кыштын күнү суукка тоңуп,

Базарда наристебиз сагыз сатса.

Кыргызды аял багып, бала багып,

Чайпалып, эркектери оонап жатса.

 

«Алып кет эжекебай» деген бир сөз,

Жүрөгүң талам-талам тилип кетээр.

Үшүгөн жаш баланын жалдырашы,

Сөөгүңдөн чучугуңа өтүп жетер.

 

«Өтүгүң майлап бере коем»,- десе,

Өңгөчүм үзүлгөндөй денем дүр дейт.

Өзгөнү коелучу, калайык-журт,

Өз бала, өз тагдырдын камын ким жейт?

 

«Садага берип кетчи эже» десе,

Садагадай миң бүлүнүп чачылам.

Колун сунган жаш баладан уялып,

Кийиминин жыртыгына жашынам.

 

Тиктебейин десем көзгө сайылып,

Көйнөгүнүн көзөнөгү төгүлөт.

Кимдин көөнү бир зырп этип албаса,

Анын жаны анык таштан көрүнөт.

 

Быйтыйган колу тоңуп эпке келбей,

Балабыз балалыгын кошуп сатып.

Башкасын не кыласың айтып, нетип,

Базарда самын сатып, арын сатып,

 

Кыргызды  жаткан чагы аял багып,

Кыргызды жаткан чагы бала багып…

 

 

 

Айылым

Автор: akunova, January 3, 2013

Сыдырым жел аймалап нур жүзүмдү,

Айылым сен тараптан сагынч сунат.

Сүйдүрүп шүүдүрүмгө балтырымды,

Жыңайлак баягыдай кыткылыктап,

Саамайыма ак бантик байлап алып,

Шибериңде чуркагым келип турат.

 

Чуркагым келип турат кызыл кечте.

Жарышып өзүм кырдуу балдар менен.

Узатып тептегерек  кызыл күндү,

Ыза кылгым келип турат азыр дагы,

Жоош баланы ыйлаган далай менден.

 

Жапжашыл жазда куйган тентек жамгыр,

Жоктоп мени балким жашын төккөндүр.

Бейкапар ошол кечте мемиреген

Ак жолтой бешиктеги сиңдилерим

Жазда гүлдөп, жазда бойго жеткендир.

 

Жазда барам, дечү элем жазга окшоп,

Ак жаандай аппак көйнөк кийип алып.

Ошондо жамгыр төгүп, жамгыр ырдап

Турса  деп  балалыкты эске салып…

А  бирок барбай калдым ошол жазда,

Жигитин башка жактын сүйүп калып…

Шам чыраксың – сен Ысык-Көл

Автор: akunova, December 28, 2012

***

Шам чыраксың сен Ысык-Көл,

Күүгүмдө жаркып жагылган.

Керемет кыргыз жерине,

Тумардай болуп тагылган.

* * *

Жылдыз түшүп калган өндүү төгүлүп,

Ысык-Көлдө асман сүзүп баратат.

Чалкып жатса түндө уктап мемиреп,

Баканын да чардаганы жарашат.

 

Таңда ойгонсоң айнегиңден чулдурап,

Булбул тынбай сайраганы сайраган.

Ысык-Көлгө канча келсем ошончо,

Он сегизге кайткандаймын кайрадан!

 

Оо, Ысык-Көл, кереметиң керемет

Автор: akunova, December 27, 2012

Оо, Ысык-Көл, кереметиң керемет,

Перидейсиң  он сегизге келе элек.

Толкундарың тосуп чыгып аймалап,

Амандашып, башын иет чөгөлөп.

 

Жан дүйнөмдү удургутуп бир сезим,

Көл ичинде жалын болуп жагылып.

Наристедей толкундарга бой урам,

Келгенимде мен көлүмдү сагынып.

 

Кытыгылап кыялымды бир сезим,

Толкундарга саамайларым өбүлүп.

Кочушумда көк кашка суу мөлтүрөп,

Көз ирмемде салаалардан төгүлүп.

 

Түндө көлгө баргансыңбы, мемиреп,

Ай жаркырап көлдө жатат төгүлүп.

Анда-мында жымың, жымың чачылып,

Жылдыз дагы көл түбүнөн көрүнүп.

 

Таң атканын көргөнсүңбү агарып,

Көлгө күндүн шоолалары төгүлөт.

Көлдү сүйүп, анын сырын билгендер,

Таңкы көлгө таң атаарда чөмүлөт.

 

Оо Ысык-Көл, касиеттүү Ысык-Көл,

Чалкып кээде, кээде толкун тараган.

Кереметиң келишкен бир чүрөксүң,

Кыргызымдын маңдайына жаралган.

Ысык-Көл

Автор: akunova, December 26, 2012

Кайкып учуп чумкуган,

Чардагыңа суктандым.

Толкунуңду сапырган,

Жумшак желге суктандым.

Таң атканча мемиреп,

Кучагыңда уктаган

Аппак айга суктандым.

 

Катар учкан тизилип,

Каркыраңа суктандым.

Айдай жүзү мөлтүрөк,

Көл жээгинде бой жеткен,

Кыздарыңа суктандым.

 

Көл ичинде акактай,

Ташыңа да суктандым.

Аяр, аяр серпилген,

Толкунуңа суктандым.

Күндө өбүлгөн толкунга,

Кумга дагы суктандым.

 

Канат күүлөп керемет,

Бирин-бири кыя албай,

Кылчак- кылчак талпынган,

Ак кууңа да суктандым.

Күн тийгенде мемиреп,

Күлүп тоскон кучагын

Көлүм сага суктандым.

 

Аруу, аруу периште,

Кыздарыңды сүйдүргөн.

Жигиттерге суктандым.

Маңдайыңа жазылып,

Көл жээгинде төрөлгөн,

Көл элине суктандым.

Бермет кылып ыроолоп,

Маңдайыңа жазылган,

Касиеттүү көлү бар,

Кыргызыма суктандым.

 

Өмүрдү жашаганың сезээр күн бар,

Автор: akunova, December 25, 2012

** *

Өмүрдү жашаганың сезээр күн бар,

Каректе калган жаздын деми менен.

Бакыттын табын сезип тураарың чын,

Бактылуу көз ирмемдин илебинен.

** *

Кезиккен күндүн ак таңын,

Кечиккен күндүн аптабын.

Бактылуу түндүн ак шамын,

Коштошкон күндүн муздагын,

Сүрөттөп айтып бералбайм.

** *

Көңүл чөгүп, буулугуп күйгөнүңдө,

Жакшы күндөр бар экенин унутпа.

Жалгыз ирмем өрттөп турган көөнүңдү,

Эртең эле калып кетээр унутта.

Алгачкы кар

Автор: akunova, December 21, 2012

Түшүмө да кирип далай эңсетип,

Балалыкта аруу, сонун күндөр бар.

Дегдеп, дегдеп демимди ичке каталбай,

Уктасам да көздү жумуп жаталбай,

Сени кандай күтчү элем аппак кар…

 

Жүрөгүмдө учуп-конуп жаткандай,

Жагымдуу бир сезим төгүп көңүлдөн.

Бийлеп учуп жааганыңда зампарлап,

Бакытымдай сезилчү элең сен анда,

Асманымдан аппак болуп төгүлгөн.

 

Балалыкка алып кетчү жалгыз жол,

Чыйырыңда, муз жолуңда калгандай.

Адам жоктур сага сугун артпаган,

Сыйкырыңа, сымбатыңа арбалып,

Акын жоктур сени жоктоп жазбаган…

Ошол күн кайра кезиксе…

Автор: akunova, December 19, 2012

Ушунча жыл сени өзгөртүп салгандыр,

Деги сен кандай болуп калдың экен?

Экөөбүз күтө албаган аруу күндөн,

Ойлоруңа бир ирээт бардым бекен?

 

Түшүңө кирдим бекен, күлдүм бекен,

Аппак тилек колдон түшүп сынды эле.

Түшүнбөй түбү түшкөн ошол кечти,

Жаңылып жалгыз менин күнөөм дебе!

 

Үмүт деле сенден мага каттабай,

Жылдарды алоолонгон өрттөп кетти,

Аттиң азыр ошол күн болсо кана,

Өчүр эми суранам сүйкүм кечти.

 

Унутууга эми, эми бел байлап,

Улутунуп, түңүлүп бүттүм эми.

Кусалыктан жаңы айыгып келатам,

Азап салып, кезиге көрбө деги!

Жаманды көрүп билээрсиң.

Автор: akunova, December 17, 2012

 

Жалганчынын жанында,

Жаның  ооруп кирдейсиң.

Жалганыбы, чыныбы,

Жан дүйнөсүн билбейсиң.

 

Ушакчынын жанында,

Ууккан сөздөн жүдөйсүң.

Жебиреген көп сөздүн,

Чыны кайсы билбейсиң.

 

Арамзанын жанында,

Арам ойдон кирдейсиң.

Балдай ширин уу сөздөн,

Ууланганың билбейсиң.

 

Кытмыр сөзгө ишенсең,

Ишеничиң үзүлөөр.

Кыйла-кыйла алдансаң,

Акыл-эсиң түзөлөөр.

 

Аракечтин жанында,

Айлаң кетип күйөөрсүң.

Жакшы адамдын баа-баркын,

Жаманды көрүп билээрсиң.

Сактай көр

Автор: akunova, December 15, 2012

Көңүлдүн күүсүн укпаган,
Көңдөйлүктөн сактай көр.

Сулуулукка заар чачкан,
Түркөйлүктөн сактай көр.

Боздогон үнгө кылчайбас,
Мерездиктен сактай көр.

Көз тийбесин периге,
Ач каректен сактай көр.

Ынак сезим өчпөсүн,
Киргилт сөздөн сактай көр.

Наристенин бактысын,
Шат күлкүсүн сактай көр.

Баарын турган көтөрүп,
Жер-Энени сактай көр!