Архив рубрики “Чыгармачылыгым” category
Ошол күн кайра кезиксе…
Автор akunova, December 19, 2012
Ушунча жыл сени өзгөртүп салгандыр, Деги сен кандай болуп калдың экен? Экөөбүз күтө албаган аруу күндөн, Ойлоруңа бир ирээт бардым бекен? Түшүңө кирдим бекен, (…)
Жаманды көрүп билээрсиң.
Автор akunova, December 17, 2012
Жалганчынын жанында, Жаның ооруп кирдейсиң. Жалганыбы, чыныбы, Жан дүйнөсүн билбейсиң. Ушакчынын жанында, Ууккан сөздөн жүдөйсүң. Жебиреген көп сөздүн, Чыны кайсы билбейсиң. Арамзанын (…)
Сактай көр
Автор akunova, December 15, 2012
Көңүлдүн күүсүн укпаган, Көңдөйлүктөн сактай көр. Сулуулукка заар чачкан, Түркөйлүктөн сактай көр. Боздогон үнгө кылчайбас, Мерездиктен сактай көр. Көз тийбесин периге, Ач каректен сактай көр. (…)
«Сиз менин апамсызбы?»
Автор akunova, December 11, 2012
(Өтүп баратып балдар үйүнүн дарбазасында жөлөнүп, күндө жол караган жылдыздуу кызды саамайынан сыласам ушинтип сурады эле) Карегиңди кадап айнекке, Телмиресиң күндө жол карап. Үмүт (…)
Турмуш сен-жандырмаксыз табышмаксың…
Автор akunova, December 10, 2012
Эртеңдериң дарексиз да, дайынсыз, Турмуш сен – жандырмаксыз табышмаксың. Колума тамчы болуп тамса бакыт, Бүркүттөй шукшурулуп илип качтың. Жомоктой кереметтүү жан-дүйнөмдүн, Тынымын өчүң бардай (…)
Мөлт деп агып түшчүдөй
Автор akunova, October 12, 2012
Көз тийбесин Кубанчыма, бактыма, Жамалыңа Тиктегенден талбайм да. Карегиңдин Кумарына капырай Карай берип, Дегдей берип, канбайм да. Жүрөгүм да Бул көөдөнгө сыя албай Элирет да (…)
Буйрубаган бакытым
Автор akunova, October 10, 2012
Теңир сени өзүмө ыраа көрбөптүр, Тагдыр мага буюрбаган бакытым. Мен ийилген сайын өйдө бийиктеп, Мен талпынган сайын өтө алыссың. Бүт өмүрүм жетээр бекен өтүүгө, Жүрөгүңдү (…)
Баёо болсо менче болсочу…
Автор akunova, October 6, 2012
Канча жылды бекер уттуруп, Кайыгыпмын сени күтүүдөн. Алоолонгон оттун боюнда Азыр дагы денем чымырап, Жылый албайм ошол үшүктөн. Эселектик менче болсочу, Өзүмдү-өзүм чокко салыпмын. Ызаланып, (…)
Мен сенсиз…
Автор akunova, September 29, 2012
Мен сенсиз жашап жүрөм жашай албай, Бир үмүттү көпөлөктөй айланып. Жетпей келем талпынып сен тарапка, Өткөн күнгө наристедей алданып… Бекинип канча жылдын далдаасынан, Ошол күндөр (…)
Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…
Автор akunova, September 25, 2012
* * * Кирпигиңдин бир талына илинип, Көз нуруңа байланганым сезбепмин. Жүрөгүндө жашап жүрүп байкабай, Жүрөгүңө барчу жолду издепмин… * * * Бир өмүр да (…)