«Сиз менин апамсызбы?»
Автор: akunova, December 11, 2012
(Өтүп баратып балдар үйүнүн дарбазасында жөлөнүп, күндө жол караган жылдыздуу кызды саамайынан сыласам ушинтип сурады эле)
Карегиңди кадап айнекке,
Телмиресиң күндө жол карап.
Үмүт болуп сага бир караан,
Талпындырып, сени азгырып,
Нурун чачып күйөт бир тарап.
Кирпиктериң сенин жазыксыз,
Мончок жашын төгүп себелейт.
Кыялыңды алыс учуруп,
Балалыктын таттуу жомогу
Апакеңе сенин жетелейт. Читать далее »
Турмуш сен-жандырмаксыз табышмаксың…
Автор: akunova, December 10, 2012
Эртеңдериң дарексиз да, дайынсыз,
Турмуш сен – жандырмаксыз табышмаксың.
Колума тамчы болуп тамса бакыт,
Бүркүттөй шукшурулуп илип качтың.
Жомоктой кереметтүү жан-дүйнөмдүн,
Тынымын өчүң бардай бузасың да.
Талпынып, таруу сымал бакыт тапсам,
Таранчы болуп илип качасың да.
Төгүлгөн бариктери дарак сымал,
Күбүлүп, күйүп турсам өрттөйсүң да.
Жаркырап жазгы күндөй тийип турсам,
Жалындап, нуруң төгүп өчпөйсүң да…
Дарбазаң ачык, жабык ким бирөөгө,
Тагдырым, таалайымды таптырбассың.
Көз жумуп кетип калсам ээрчий баскан,
Турмуш сен – жандырмаксыз табышмаксың.
Мөлт деп агып түшчүдөй
Автор: akunova, October 12, 2012
Көз тийбесин
Кубанчыма, бактыма,
Жамалыңа
Тиктегенден талбайм да.
Карегиңдин
Кумарына капырай
Карай берип,
Дегдей берип, канбайм да.
Жүрөгүм да
Бул көөдөнгө сыя албай
Элирет да
Алып-учуп кетчүдөй.
Ирмегенден
Кирпигимди коркомун
Сен төгүлүп
Мөлт деп агып түшчүдөй.
Буйрубаган бакытым
Автор: akunova, October 10, 2012
Теңир сени өзүмө ыраа көрбөптүр,
Тагдыр мага буюрбаган бакытым.
Мен ийилген сайын өйдө бийиктеп,
Мен талпынган сайын өтө алыссың.
Бүт өмүрүм жетээр бекен өтүүгө,
Жүрөгүңдү жүрөк менен калкалап.
Алаксыйын деген оюм жайдак ой,
Чимирилтип алып кетет сен тарап.
Куюн үмүт кубалашып көңүлдө,
Уйгу-туйгу убайымга салат да.
Чарт үзүлсө деген тилек чачырап,
Чабалактап, бүт өмүрдү алат да!
Буйрук сени мага ыраа көрбөптүр,
Бакыттын да ченелгенин карачы.
Бешенеме буюрбаган адамым,
Тагдырыма түшүп турат арачы.
Тагдыр мага буюрбаган бакытым…
Баёо болсо менче болсочу…
Автор: akunova, October 6, 2012
Канча жылды бекер уттуруп,
Кайыгыпмын сени күтүүдөн.
Алоолонгон оттун боюнда
Азыр дагы денем чымырап,
Жылый албайм ошол үшүктөн.
Эселектик менче болсочу,
Өзүмдү-өзүм чокко салыпмын.
Ызаланып, бекер күйүгүп,
Жарык издеп жиксиз туюктан,
Жарым жолдо калып багытым.
Канча күндү эстейм чыйрыгып,
Көз ирмебей аппак таң тосчу.
Көөдөнүмдө жанып бир үмүт,
Жолуң карап күтүп жүрүпмүн.
Баёо болсо менче болсочу…
Мен сенсиз…
Автор: akunova, September 29, 2012
Мен сенсиз жашап жүрөм жашай албай,
Бир үмүттү көпөлөктөй айланып.
Жетпей келем талпынып сен тарапка,
Өткөн күнгө наристедей алданып…
Бекинип канча жылдын далдаасынан,
Ошол күндөр келет мени азгырып.
Тинтип турат дүйнөмдү тааныш кыял,
Түгөй жүрөк эми минтип азгырык.
Бул турмушта экөөбүз эки өйүз,
Үмүттүн көпүрөсү агып кеткен.
Чебеленип жээк бойлоп жүгүрсөк да
Аруу сезим капкачан сууга чөккөн.
Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…
Автор: akunova, September 25, 2012
* * *
Кирпигиңдин бир талына илинип,
Көз нуруңа байланганым сезбепмин.
Жүрөгүндө жашап жүрүп байкабай,
Жүрөгүңө барчу жолду издепмин…
* * *
Бир өмүр да жетпейт тура чындаса,
Жүрөктү бир тыз эттирген ирмемге.
Бүт өмүрдү жалган жашап өткөнүң,
Түшүнөсүң кээде жалгыз ирмемде.
* * *
Жылдар уурдап жашыңды да, эркиңди,
Турмуш гана кайратыңды мокотот.
Кыйындардын кыйыны да баш ийип,
Бул тагдырдын жазмышынан мокошот.
* * *
Оюм, дүйнөм, баары кетип сен менен,
Көңүлүмдө дегдөө калды сен деген.
Бар бактымды кайда кеттиң азгырып,
Сезимиңде учкун барбы мен деген?
ТҮШТҮККӨ ТҮШКӨН КЕЛИН
Автор: akunova, September 23, 2012
Бишкектен Ошко самолетто учтук. Менин самолетто биринчи учушум болчу. Тилек жебиреп жаңы келин кандай болоорун, эмне кылуу керек экенин, атасына, апасына, бир туугандарына кандай мамиле кылаарымды, эртең менен эрте туруп эшиктин алдын шыпырышымды, үйгө ким келсе да сылык сыпаа тосуп алып, эшиктин алдына чейин узатышымды, айтор жаңы келинге тиешелүү эрежелердин бардыгын айтып баратат. Мен бир сөзүн угуп, бир сөзүн укпай толкунданып кетип баратам. Көзүм кебездей аппак булуттарда. Колума кармалчудай, жупжумшак.
-Үйдү айланып чуркайсың,- деген сөзү кулагыма шак дей түштү.
– Үйдү эмнеге айланып чуркайм ыя?
– Мен баятан бери эмнени айтып жатам? Дагы жакшылап угуп ал, жаңы келген келинге өпкө чабат. Ошол өпкө чабаар замат, буйдалбай үйдү он жолу айланып жүгүрүп келишиң керек.
Күчтүүрөөк экен бул тагдыр
Автор: akunova, September 23, 2012
Алдыңды тороп бастырбай,
Эркиңди сынайт бул тагдыр.
Байлыкты төгүп жолуңа,
Алкыңды сынайт бул тагдыр.
Дөөлөт берип чирентип,
Акылың сынайт бул тагдыр.
Мээнет артып мойнуңа,
Күчүңдү сынайт бул тагдыр.
Дос алдында басынтып,
Баркыңды сынайт бул тагдыр.
Тамшантып туруп таарынтып,
Таалайың сынайт бул тагдыр.
Чөгөлөтүп алсызды,
Көрөңгөң сынайт бул тагдыр.
Көңүлүңдү оорутуп,
Сөзүңдөн сынайт бул тагдыр.
Жалындап турсаң суу төгүп,
Сүйүүңдү сынайт бул тагдыр.
Күчтүү деп жүрсөм адамды,
Күчтүүрөөк экен бул тагдыр.